Menu

Казакстанда терроризм шеги менен Сириядан кайткан 20 киши кармалды

Бөлүшүү:

Сириядан Казакстанга кайтан 20 казакстандык террордук иш-аракеттерге катышы болушу мүмкүн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 13-майда Тышкы иштер министринин орун басары Ержан Ашыкбаев билдирди.

– 16 эркек жана 4 аял Нур-Султан, Атырау, Орал, Актөбө, Караганды жана Шымкент шаарларындагы террордук иш-аракеттерге катышы болушу мүмкүн деген шек менен кармалды. Калган 55 аял жана балдар атайын ребилитациялык борборлорго жайгаштырылды. Азыр медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат, карантин жарыяланган, алар менен психологдор иш алып барууда, тек-жайын тактай турган документтерин калыбына келтирүү маселелери колго алынды, террордук иштерге катышы бар-жогун аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат, – деди Ержан Ашыктабев.

Казакстан ТИМинин өкүлү террордук иш-аракеттерге катышкандар, өлкө мыйзамдарына ылайык, жоопко тартыларын билдирди. Ержан Ашыкбаевдин айтымында, “Жусан” атайын операциясынын алкагында 7-9-май аралыгында Сириядан Казакстанга 230 казакстандык жеткирилген. Бул АКШ менен “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” колдоосу менен ишке ашкан.

Буга чейин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы “Жусан” операциясынын алкагында Сириядан келгендердин 156сы мектеп курагына чейинки бала экенин маалымдаган.

2018-жылы июль айында Казакстан Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери Сирия менен Иракка Казакстандан 800дөй киши кеткенин кабарлаган. Эл аралык террордук уюмдардын катарында 120 казакстандык эркек, 250 аял жана 500дөй жашы жете эле бала бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: