Миллиардер Джефф Безос Айга жөнөтүүгө пландалып жаткан учуучу техниканын макетин коомчулукка тааныштырды. Адамды Айга жеткирүүчү техника миллиардер ээлик кылган Вlue Origin компаниясы тарабынан жасалган.
Аппарат Вlue Мооn (Көгүлтүр Ай) деп аталып, Айдын бийиктигине чейин оор жүк жана техникаларды жеткирүүгө ылайыкталган. Андан сырткары, Вlue Мооn айдын орбитасына спутник орнотууга жөндөмдүү. «Муну үч жыл мурда баштаганбыз. Бул ирет Айга отурукташуу үчүн барыш керек», — дейт Безос.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Американын космостук агенттигине (НАСА) кандай кылып болсо да, жакынкы 5 жыл ичинде Айга баруу жолун табуу максатын койгон болчу.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ