Жарылган компьютердин айынан оор абалда ооруканада жаткан өспүрүм бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, кырсык Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында болгон. Кечээ, 19-декабрда, болжол менен саат 15:00 чамасында 15 жаштагы бала Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна оор абалда жеткирилген. Анын денесинин 35 пайызы жарылган компьютерден жабыркаган, денесинин 30 пайызы катуу күйгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ