Menu

Адахан Мадумаров: “Бийликтен жакшылык күтүүгө болбой калды”

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү саясий абал жана Атамбаев — Текебаев тиреши тууралуу пикирин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.

Адахан мырза, Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевди айыптаган билдирүүлөрү коомчулукту уу-дууга салып турган кез. Сиздин баамыңызда, бул эрегиш эмнеге алып келчүдөй?

Кептин баары азыр эл аны кандай кабылдап жатканында эмес, ал кандай жана качан айтылганында. Бул кеп мындан 5-6 жыл башта айтылышы керек эле. Туура эмес деп айтып атканымдын себеби — принцибинде “сен мага тийиштиң эле, мен дагы сага тийишем” дегендей болуп калды. Чындыктын жүзүн ачуу үчүн эмес, өчөшүү, пендечилик болуп жатканы өкүндүрөт. Эки тараптан тең коюлуп аткан доолорго 5 жыл мурда эле чекит коюуга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деп отуруп, акыр-аягында мына ушул абалга жеткенибиз коомдо дагы, кыргыз саясатында дагы жакшы эмес көрүнүш. Экинчи жагынан элдин башы маң. Кимисине ишенерин билбеген башаламан заман болду.

Буга биздин калемдештер да чоң салым кошуп жатат. Бийлик бир тобун ары карай, бир тобун бери карай айгактатып койду. “Ай дээр ажосу, кой дээр кожосу жок” бейбаш мамлекет болдук. Сөзүбүздүн баркы кетип, адамдык касиетибиз, намысыбыз калбай калды. Мисалы, Текебаев коюп аткан дооматтарын документ, фактылар менен сүйлөп жатат. Эгер ошол документтердин бардыгы такталган болсо, Атамбаевдин бир күн дагы президент болуп отурууга укугу жок. Мыйзамдык  жагын мындай коёлу, дээрлик шек туудурган инсан жетекчилик кылуусу өтө кыйын болуп калат. Жетекчи коркунуч менен эмес, сый-урмат, кадыр-баркы менен башкарганы жакшы. Эгерде айтылган дооматтары так эмес болсо, жалган маалымат тараткандыгы үчүн тараткан инсан жоопкерчилик тартышы керек. Мына ошондо эл бир тарабына ишенет.  Анан анысы да айтып, мунусу да айтып, ошол бойдон кала берсе, акыры элдин сабыры бүтөт. Ушул жерден башка күчтөр Кыргызстанды оодарып кетиши мүмкүн. “Капкара” деп каралаган кишиси эртең баатыр болуп чыга келет дагы,  баатыр деп көкүрөгүнө орден таккан азаматтары  эртеси кылмышкер экени аныкталып атат. Кудай сактап келаткан элбиз, дагы деле сактай берсин дейбиз, бирок кыргыз бийлигинен жакшылык күтүүгө болбой калды.

Президент Атамбаев эгемендик салтанатында Роза Отунбаева тууралуу мурда сиз айтып жүргөн пикирди кайталап койгондой болбодубу…

Президент Роза Отунбаеваны тойго чакырып, төргө отургузуп алып башка чапкандай кылды. Бул быйылкы тарых жана маданият жылында жылдын эң “маданияттуу” окуясы болду. “Тарых жылында мен ата-энемдин каяктан экенин таап алдым” деп айтканы тарых жылына  арналды. Туура, ата-энесинин кайдан  экенин билип жүргөн  жакшы. Бирок тарыхты бурмалабай табыш керек. Саясат үчүн ата-эне, урууңду, улутуңду, диниңди өзгөртүп ийиш уят. Мен Роза Отунбаева тууралуу айтсам, 6 жыл мурда айттым. Бийликтен кетти, анын артынан сүйлөгөн жокмун. Өзү негизи кыргыздын касиетинде тойго чакырып алып башка чапмай жок.

Алдыда кыш келатат. Ага даярдык көрүүнү, дыйкандардын сатылбай жаткан жер-жемиштери боюнча ойлонгон эч ким жоктой. Бийликтегилердин баары эле саясат менен алпурушуп жатат…

Саясаттан башка элди алаксыта турган нерсе калбай калды. Бүгүнкү күндө экономикабыз сазга белчесинен батты, Кыргызстандын тышкы карызы  5 миллиардга жакындап калды. Мунун 50 пайыздан ашыгы соңку жылдарда пайда болгон карыз. Ары-бери жактан карыз алып келип атышат. Биз КТР, ЭлТР аркылуу кол чаап атабыз “таап келип атат” деп. Алмайдын бермейи бар. Бекер тамак тек гана капканда болот. Ал карыздардан эртең балдарыбыз, неберелерибиз кутулушу керек. Кантип?

Негизи эле акты ак, караны кара дей албаган маңкурт коомго айландык. Бүгүн акыл айткан кишини жанагы мен айткан айдакталгандар беттен алып ит кылып атпайбы. Маданиятсыздардын, сабатсыздардын, караңгылардын күнү тууп калды. Адилеттүүлүк чыркырап, адилетсиздиктин алдында басылып турган мезгил.

Жогорку Кеңештин интеллектуалдык сапатын карап көрүңүз. Коркунучтуу көрүнүш. Облустун  жетекчилерин эл эмес, саясатта жүргөн мен тааныбайм. Мурда зыңкыйган азаматтар, таасирдүү инсандар бар эле, азыр “сен менин партиямдансың” деп бирөөлөрдү коюп, ашмалтайын чыгарды. Же алары чет өлкөдөн келген коноктор менен теңата сүйлөшө албайт. Биз Акаевдин заманын сындап келгенбиз. Жаманбы, жакшыбы, ошол заманда бийлик төбөлдөрү  интеллекти бийик инсандар болгон. Азыр кудай эле сактасын. Атамбаевдин чөйрөсүндө жүргөн адамдардын билим деңгээлин билебиз. Тилекке каршы, касиеттүү кыргыз жерибиз ошолордун колуна калып атат.

Бул интервьюну окугандан кийин дагы 10-15 киши мага ырылдап чыгат “өзүңдү карап ал” деп. Бирок унчукпай отура албайт экенсиң. Алар жугунду үчүн өмүр бою үрүп келген, үрө берет. Акаевди сындаганда “интеллигент аксакалдарбыз” дегендер кыйкырып чыгышкан “Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровду камасаңар эле коом тынчыйт” деп. Кайда алар бүгүн? Кийин ошолор Бакиевдин, эми Атамбаевдин колтугунда отурушат. Буларга кыргыз элинин, жеринин келечеги баары бир, мите курттар. Ким бийликке келсе, ошонун денеси менен кошо элди жей беришет. Жакса да, жакпаса да айтар сөзүм ушул, ырылдап эртең алтымышы чыкса дагы.

“Референдумга жок” кыймылына сиз да мүчө экенсиз. Бул кыймыл өткөргөнү жаткан курултайдын таасири канчалык болот дейсиз?

—“Элге баары бир, акча берсең, шорпо берсең жата берет” деп кайдыгер мамиле кылып койсоң болот. Бирок өз намысыңдын, абийириңдин алдында жата албайсың. Силер, журналисттер, канчалык тепкилебегиле, биз баары бир айтарыбызды айтабыз. Акырет үчүн айтабыз. “Жамандыкты көрүп аткан болсоң, колуң менен, колуңдан келбесе тилиң менен, тилиңден да келбесе жүрөгүң менен жек көр” деп жазылыптыр ата-бабаларыбыздын шариятында.

Бир кезде азыркы Конституцияга катуу каршы чыкпадыңыз беле?

Туура, бул Конституцияга биринчилерден болуп каршы чыккан менмин. Ошол маалда эле бул туңгуюкка алып барат деп айткам. Отунбаеванын президенттиги мыйзамдуу эмес экенин дагы ошол маалда айтсам, журналисттер жерден алып көргө салдыңар эле го. Мадумаров маданияттуу түрдө өз кезегинде айткан. Ал эми ажоңор түштөн кийин аянтта айыптады го. Эми Фарид Ниязов “Адахан Мадумаров башынан каршы чыгып, азыр эмне тетири кетип атат?” деп кыйкырып чыкты. Президенттин жанында жүргөн азаматтын 7-канал деген телеси бар Жалал-Абадда. Эртең менен Мадумаров менен баштап, кечинде Мадумаров менен бүтөт. Азыр ортого Текебаев кыстарылып калып жакшы болду.

Мен азыркы өзгөрүүлөргө эмне үчүн каршымын? Арамзалык, куулук менен өзгөртүлүп жаткандыгы үчүн. Токтоосуз өзгөртүлүш керек, бирок карапайым калкты, аксакалдарды, тажрыйбасы бар адамдарды чогултуп алып кеңешкенден кийин. Бул — коомдук келишим документ.  “Коомдук талкуу бүттү” деп жарыя калып атышат. Коом деген — бул ким? Коом — бул 6 миллион калк.  Маданияттын чок ортосу делген жогорку окуу жайларда бир талкуу болдубу? Укканым жок. Ал тургай ошол КСДПнын өздөрүндөгү депуттаттар коомдук талкуу болдубу, же болбодубу, билбейт. Азыркылар үчүн коом — бул президент жана анын тегерегиндеги 4 жигити болсо, андай коом куруп кетсин.

Чек ара, коопсуздук боюнча да кеп кыла кетели. Бир айга жакын кооптуу абалда турган Үңкүр-Тоодогу жагдай азырынча жайгарылды окшойт. Бирок эртең эле кайра ошондой кырдаал түзүлүп калбайбы?

Ошону кубанып айтып аткандарына жол болсун! “Он жылдан бери ээси жок эл болдук” десем, мени тепкилеп келишкен. Тумшуктуусу чокуп, канаттуусу кагып эле келатат го. Президент башы менен Атамбаев “Бакиевдин кезинде Үңкүр-Тоо берилип кеткен” деп айтып атса, алар эмне кылсын? “Бизге берилип кетти деп жетекчиңер айтып атат” деп албууттанып атпайбы. Минтип айтылбашы керек болчу. Күнөө Бакиевге коюлса дагы, Мадумаровго коюлса дагы документти көрсөтүш керек да. Качан берилген? Өз алсыздыгыңды бирөөнүн желкесине артып коюудан эмне пайда табасың? Кеп ушунда. Жоопкерсиздик үчүн акыры жооп бериш керек.

Азыр бульдозер сүзгөндөй референдумга жулунуп бараткан депутаттары тарых алдында керт башы менен жооп бере турган күндөр келет. “Жооп бербейбиз, Акаев түбөлүктүү”, “Бакиевдин уруксатысыз чымчык да учпайт” дегендердин байкуш болгон кебетелерин көрүп атабыз. Кудай сактасын, ошондой кебете кийгенден. Азыр Атамбаевдин айланасындагылар  дагы ушундай абалга туш болушат. Бул таба эмес, тилекке каршы, ошолордун айынан мамлекет алсызданып атат. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, бирок ичибиз жарды болуп калды.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: