“Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кечээ өзүнүн Инстаграм баракчасына Ош базарын кыдырып, ал жактан манты жеген сүрөтүн жүктөгөн.
https://www.instagram.com/p/B8DmtuHhyA8/
Бул сүрөт интернет колдонуучулар арасында катуу сынга кабылды. Кээ бири адамдын жөнөкөйлүгү ушундан билинет, эл менен аралашып жүрөт деп, депутаттын ишине ийгилик каалап, жылуу комментарийлерин калтырса, экинчилери шайлоо астындагы пиар катары баалашты.
Депутат комментарийлерге жооп каылып: “Мен дайыма элдин арасында жүрөм, көп кыйналбай эле койсоңор болот” – деп жазган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ