Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык 2016-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин аба ырайынын болжолдоо баракчасы.
Бишкек шаарында 14-март күнү мезгил-мезгили менен катуу жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 14-март күнү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтулөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 10…12° жылуу болушу күтүлөт.
14-март күнү жана 15-март күнү түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
15-март күнү күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
16-март күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
17-18-март күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы абдан төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ