Menu

Генерал Садиев менен эл акыны Чотурова баш кошту

Бөлүшүү:

Бул тууралуу маалыматты белгилүү акын Жыпара Исабаева өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз:

Куттуктайбыз!!!

Кандай жакшы, кандай жакшы-ы!!!

Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар!

Сүйүнчү! Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам — бир аалам болуп, эки дүйнө — бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып… уккан кулакты, көргөн көздү кубантып турган чагы!

Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат Садиев агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл Чотурова эжебизди тагдыр кошту! Элдин эки асылы! Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар!

Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болуңуздар!

Эх-х… жезделүү болгон кандай жакшы!!!

Маалымат катары айта кетсек: экөө тең Токтогулдун кулундары. Садиев 71 жашта. Ал узак жылдар бою жооптуу кызматтарды аркалап: ИИМде министрдин орун басары, Чек ара кызматынын башчысы болуп иштеген. Ал эми Бактыгүл Чотурова 64 жашта. Бир топ китептин автору. Белгилүү журналист катары да узак жылдардан бери республикалык гезиттерде иштеп келет. Элибиздин эки белгилүү инсанына тең бакыт каалайбыз!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: