Мамлекеттик Кыргыз темир жолу ишканасынын ити чөп жебей, иши жылбай, туңгуюкка кептелүүдө. Алсак былтыркы жылы вагон сатып алмакчыбыз деп кат менен кайрылышып, жыйынтыгында үчтөн бирин араң алышты. Азыркы убакта вагондордун жетишсиздигинен улам 6 миллиард сомго зыян тартып олтурат. Мисалы 2016-жылы түштүктөгү бөлүмдө 120 вагон бар болсо, бүгүнкү күндө 30 вагон эле калыптыр. Вагон жегичтер жеп кеткенби же эскилиги жеткенби ким билсин, айтор алакан жайып олтурушат. Мына ушул себептен жүк ташуу, экспорт жылдан-жылга азаюуда. Жетекчиси Ногойбаев кебелип койбойт же жаштарга, иштейм дегендерге ордун бошотуп бербей, креслону мыкчып олтурганы олтурган. Минтип олтурса мамлекеттик деген макамы бар ишкананы майкандайт го! Үн катып койсоңуз боло!
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ