Menu

Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарынын аймагында  жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн
Кыргызстандын жарандарын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын бирөөсү Ош облусунун Өзгөн районунун туруну, 1988-жылы туулган С.Х. аттуу жаран. Ал  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс)  30-берене, 204-берененин 3-бөлүмү (Аткезчилик), 247-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрүндө (Баңгикаражаттарын сатуу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектелип, издөөгө алынган. Жогорудагы көрсөтүлгөн жаранга мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 2015-жылы издөө жарыяланган: аткезчиликке аралашуу жана баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жеткирүү, аны мыйзамсыз өндүрүү менен сатууга барабар. Издөөгө
алган тарап маалымдалып,  жоопкерчиликке тартуу үчүн С.Х. аттуу жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.

Экинчи кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 182-беренесинде (жасалма ишкерлик), 203-беренеси (Жасалма кредиттик, болбосо эсептик карталарды жана  башка төлөм документтерин даярдоо же өткөрүү) боюнча айып тагылып, издөөгө алынган. Бул жаран ЖЧКнын жетекчиси учурунда 2015-жылдын июлунан баштап 2016-жылдын декабрына чейин ири суммадагы салыктарды жана камсыздандыруучу төлөмдөрдү чегербей качып жүргөн. Азыркы учурда ЖЧКнын карызы 3 000 000 сомду түзөт. Издөөгө алган тарап маалымдалып, Д.С. аттуу жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: