Menu

Адил Турдукулов, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү: “Атамбаев өжөр, ал максатына жетмейинче күрөштү токтотпойт…”

Бөлүшүү:

Бул инсан менен 6 жылдан бери жылына куру дегенде 2 ирет маектешүүнү салт кылып алганбыз. Жыра тартып, кежирлене собол салмайын “кычуум канбайт”. Кызыгы, каарманым да ортодогу аке-үкөлүк бекем мамилени бетке кармап, суроолорумдан буйтап өтүүгө аракет жасабайт. Орус мүнөз сапаты менен кандай тийишсем да жооп узатат. Биз бул сапар келечектеги жаш лидердин алдыдагы максаттары жана саясый тагдырын Атамбаевге эмнеге байлаганына кызыктык. Эмесе, бул маекти ар ким алына жараша чечмелеп алса болот.  

–Адил мырза, экс-шефиңиз Атамбаевдин жээгине өткөнүңүздү кантип түшүндүрөт элеңиз? Бул бийлик сиздин көңүлүңүзгө төп келбеген кызмат сунуштаган үчүн акыры булардан түңүлүп, Атамбаев тарапка “ойт бергениңизди” танбайсыз да, туурабы?

–Кыргызстанда эки партия идеянын негизинде 30 жыл мурун түптөлүп, ошол идеяны азыркыга чейин карманып келишүүдө. Бул – КСДП жана “Ата Мекен” партиялары. Аталган эки партия тең социалисттик багытта. Калган партиялар болсо шайлоо жакындаганда гана түзүлө калып, көп учурда олигархтардын, саясый сойкулардын, чала бандиттердин “акционердик коому” болуп жүрөт. Социалисттик деген идея – бул мамлекет коомдо, базар экономикасында активдүү катышыш керектигин, элде жакыр менен бай адамдардын ортосунда чон ажырым болбой, жапайы капитализмден оолак болуш экенин далилдейт. Бул баалуулуктар мен үчүн жакын, ошол үчүн жаш кезде эле 2004-жылы КСДПнын катарына кошулгам. Атамбаевдин аркасы менен бул партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси да, 2007-жылы Алмаз Шаршенович өкмөттү жетектегенде премьер-министрдин жардамчысы да болуп келгем. Саясат, турмуш ушундай экен, 2010-жылдан кийин Атамбаев менен жолубуз эки ачага бөлүнүп, ажыраган. Бул жерде анын себептерин кайра чечмелеп айтууну туура көрбөйм. Эң негизгиси азыркы тапта Атамбаев жана КСДПны саясатка катышуусу абдан маанилүү. Анткени, бул партиядан башка азыркы бийликке карата оппозицянын желегин көтөргөн эч ким жок. Оппозициянын анабашында боло алган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров абакта. Мырзакматов менен Бабанов болсо сырт жакта. Ошондуктан, азыркы саясый майданда Атамбаев жана КСДПнын ролу аябагандай маанилүү. Мен ошол оппозицияны күчөтүү үчүн партияга кошулдум. Анткени, күчтүү оппозиция болушу демократиянын кепилидиги боло алат, жаны келген бийлик авторитаризмге таптакыр ооп кетпешине тоскоолдук жаратат. Сөзсүз бул жерде прагматикалык да максаттарым бар. Биз КСПД эмки жылда пландалган парламенттик шайлоого катышып, көз карандысыз өкмөттү түзүүнү максат коюп жатабыз.

Ооба, 2007-жылдары Атамбаев өкмөт башчы кезинде сизди жардамчы кылып, жаштыгыңызга карабай КСДПнын Бишкек шаардык штабын башкартып, бооруна жакшы бөпөлөгөн эле. Кийин ал киши бийлик жүргүзгөн 8 жылда сизди жанына жакын жуутпаганын азыр эмне деп түшүндүрүп жатат? Сапар Исаковду шылтап, күнөөнү ага оодарган жокпу?

–Жок, Сапарга күнөөнү оодарган жок. Тескерисинче аны, Кулматовду, Албек Ибраимовду куткарыш үчүн кайра оппозиция лидери болуп келгени, ал өзү өстүргөн кадрларды эч убакта таштап кетпейт экенин айгинелейт. Бул да Атамбаевдин адамдык сапатын сыпаттайт. Мен өзүм Атамбаев бийликте турганда эмес, кайра оппозицияга оогондо кошулганыма кубанычтамын. Анткени, мурунку чырларга тиешем жок, ушул күндөрү КСДПнын жанылануусуна жана тазалануусуна чоң салым кошо алам деп эсептейм.

–Макул, биз кандай айткан күндө деле Атамбаев менен бир кайыкта болууну чечиптирсиз. Анын айланасындагылар, ошол эле Фарид Ниязов баштаган “акылмандары” сизге келечекте ишеним артаарына көзүңүз жетеби? Сиз аларга “ак карга” болуп, болгону утурумдук кызыкчылык, тек гана саясат үчүн азырынча керек болуп жаткан жоксузбу? Атамбаев сизди “ойнотуп”, шайлоого карай тизме түзүүгө келгенде артка карай жылдырып койбойбу? Дегеле ал кишиге толук кандуу ишенесизби?

–Атамбаев кайрадан президент же өкмөт башчы болууну көздөбөйт. Анын максаты тарыхта өз ордун адилеттүү түрдө жазылып калышын талап кылып жатат. Ал үчүн кайрадан оппозициялык күрөштүн башында. Эми мен үчүн өзүмдүн абийирим таза болсо болду. Атамбаев бийликке жетип, мени артка жылдырып койсо, кайра оппозицияда кала берем. Мага бул нерсе көнүмүш болуп калбадыбы (күлүп).

–Ошол көчө оппозициясындагы чындыктын жарчысы болуп жүрүп, соңку убакта топтогон кадыр-баркыңызды Алмаз Шаршеновичти колдоп чыгуу менен кайсы бир деңгээлде элдин бир бөлүгүнө жек көрүнүп калганыңызды сездиңизби?

–Алмаз байке президент кезинде көп жакшы нерселерди жасап кетти. Өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылды, Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп, тышкы саясатта алыс-жакынкы өлкөлөрдү биздин мамлекеттин ою менен эсептешкенге мажбур кылды. Ички саясатта болсо атаандаштыктын негизинде парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүп, өзү убадалагандай Башмыйзамды өзгөртүү менен өз мөөнөтүн узартканга аракет жасаган жок. Бул биздин мамлекеттин, керек болсо Борбор Азия аймагындагы демократиянын өнүгүшүнө чоң кадам салуу болуп эсептелет. Атамбаевдин мындай аракеттерине азыр болбосо дагы келечектеги муун, тарых өзүнүн адилет баасын берет. Адилеттүүлүк үчүн бул жагын баса белгилеп айтып кою керек. Туура, Алмаз байкемдин башкаруу жылдарында оркойгон каталар да болгон. Эң оболу саясатчыларга карата саясый куугунтук болду. Буга башкасын айтпасак да, Текебаевдин, Садыр Жапаровдун ушул убакка дейре түрмөгө жатканы мисал. Экинчиден, сөз эркиндигине басым болуп келди. Кээ бир каталарын ал өзү да азыр таанып жатат. Азыркы учурда анын максаты парламентаризмди аягына чейин жеткирүү, укук коргоо органдарын реформалоо жана жаңы кадрларды бийликке алып келүү. Анын мындай максаттары менин оюма да шайкеш келет. Сенин сурооңдогудай экс-шефке кошулуу менен элдин айрым бир бөлүгүнө жаман көрүнүп калгандырмын. Бирок, убакыт баарын өз ордуна коет деп ишенем. Анткени, менин ниетим ачык жана таза. Айрымдарчылап көшөгө артынан “былгыбайм” дегендей…

–Буга дейре бир курдай мага берген маектериңиздин биринде “Атамбаев КСДПны менден кийин сен башкарасың” – деп айткан” – деген элеңиз. Азыр экөөңөр “бир жумуртканын ичинен чыгып жатпайсыңарбы”, экс-президент бир кездеги айткан сөзүнө турчуданбы? Мындан ары КСДПдагы сиздин позицияңыз кандай болот?

–Биз жаны муундун өкүлдөрү жаңы саясатты элге тартуулашыбыз керек. Алардын бири көшөгөнүн артында интрига жасабай, ачык, өз позицияны айтып, ошонун ичинде амбицияларды дагы коркпой билдиришибиз абзел. Эгерде мага Атамбаев бир кезде убадалагандай партиянын “эки тизгин, бир чылбырын” колго карматса, КСДПны алдыга карай алып кете алаарыма ишенем. Бирок, биз, келечекте бир гана лидерге байланбай, жамааттык түрдө партияны башкарып, ошол багытта ички реформалоону ойлонуп жатабыз. Бул жагынан башка партиялар да бизден үлгү алат деп ишенем.

–Бүгүн сиз бир кездери жерден алып, көргө ургандай образда сындап жүргөн экс-кесиптешиңиз Сапар Исаков менен партиялаш, алтургай ал силердин башыңарда турган төраганын орун басары болуп калды. Убагында сиз анын дарегине не деген гана сындарды жаадырчу элеңиз? Ошондой адам менен бир кайыкта болуу сизге оорчулук келтирбейби? Же мындай кадамыңызды саясаттын кызыкчылыгына шылтайт белеңиз?

–Эми Сапарды мен ал жогорку бийликте, болгондо да эйфорияга берилип жүргөндө сындап келгем, азыр ал абакта. Жигитчиликтин жазылбаган мыйзамдарын өзүң жакшы билесиң го Калыгул. Жыгылган кишини тепкилөөгө менин абийирим жол бербейт. Оор учурда ого бетер аны сындап отурган адамкерчилике жатпайт. Ал өзү кетирген каталарын билип турса керек. Сапар түрмөдөн чыкса деле оппозицияга кошулуп кетет деп ишенбейм. Анткени, анын мүнөзү башка. Бул бийликтин ичинде гана иштеп көнгөн. Ал эми бийликте ким болору балким Максим Бакиев болобу же Атамбаев болуп калабы ага баары бир.

–Бүгүнкү бийлик АШАнын ишенимдүү жандоочторун камаганды мындай кой, партиясын тартып алып, экс-президентти кудум “ит талаган түлкүнүн” образына чейин түшүргөндөй кылышты. Мындай кадам менен алдыдагы парламенттик шайлоодо Атамбаев башында турган топту бийлик Жогорку Кеңешке келтирбей койгонго да толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер мындай план ишке ашса сиздердин позиция кандай болот? Атамбаев го бийлик-байлыгын баарын көрдү. А сиз ага эрмеше коюп, бул жолу да “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” болуп калбайсызбы? Тек гана сизди көчө кыйкырыгынан кетип, иштей турчу убактыңызда элибизге күчүңүздү көрсөтүшүңүздү каалайт элем…

–Атамбаев максатына жетмейинче күрөшө берет. Анткени, ал өжөр. Мен да бул сапатты андан үйрөнгөм. Оппозицияда жалгыз калсам да күрөшө берем. Өндүрүш байкеге тандем түзсөм да көнгөм ишимди кылып, митинг-пикеттерди өткөрө беребиз.

–Кезегиндеги кесиптешиңиз, өлкөбүздүн тышкы саясатын жүргүзүүдөгү негизги фигура Данияр Сыдыков менен жакын мамилеңиз бар экенинен кабардармын. Ал инсан тарабынан сизге ушул тапта өлкөбүздүн атынан кайсы бир мамлекетке элчилик орун сунушталса барат белеңиз?

–Данияр Сыдыковду ТИМде иштеп жүргөндөн бери билемин. Накта патриот, профессионал дипломат. Атасы Батыраалы агай да мыкты адам болчу. Ал эми элчиликти Данияр чечпейт, ал укук президент, андан кийин парламенттин колунда.

–Ал чечпесе дагы тышкы саясат боюнча президенттин “көрөөр көзү” экенине, анын сунушу сөзсүз суу кечпей калбаарына ашыкча логиканын деле кереги жок го дейм байке. Кандай дейсиз?

–Мейли Калыгул, жыра тартып, канчалык тапандансаң деле мен андай сунуш болсо дагы ага барбайм. Анткени, мен жакынкы келечеке өз жолумду тандадым. Ал КСДП, оппозиция жана Атамбаев.

Калыгул Бейшекеев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: