Menu

АФК Кубогу: “Дордойдун” быйылкы алгачкы жеңиши

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-май күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадиондо Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун “Д” тайпалык баскычынын алкагында мыктыларды тандап алуу мелдешинде Бишкектин “Дордой” футбол клубу Тажикстандын чемпиону “Истиклол” командасы менен беттешип, атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп, быйылкы алгачкы жеңишин камсыз кылды. Күч сынашуу курч таймашуу менен өтүп, меймандардан тажикстандык Алишер Жалилов 29-мүнөттө “Дордойдун” дарбазасына алгачкы топту киргизип, эсепти ачып, оюнда атаандаштыкты көрсөтүп койду командасынан киргизди. Андан кийин “Дордой” клубунун футболчулары эсепти теңөөгө канчалык аракет кылганы менен биринчи бөлүктө алардын аракетинен майнап чыккан жок.

Ал эми экинчи бөлүктө эки команда тең атаандаштыкты көрсөтүшүп, эсепти 57-мүнөттө “Дордойдун” чабуулчусу Вахыт Оразсахедов теңдей алды. Андан кийин 77- мүнөттө “Дордойдун” эсебиндеги экинчи голду Мирлан Мурзаев атаандаштарынын дарбазасына сол буту менен таамай тээп киргизди. Белгилей кетсек, кечээ “Дордой” командасы АФК Кубогунун алкагында мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде төртүнчү беттешин өткөрдү. Алар бир беттешинде тең чыгып, эки жолу жеңилүү ызасын тартып, бир оюнунда гана жеңиштүү болду. Ошентип, учурда “Дордойдун” эсебинде 4 упай бар болуп, алар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек.

Ошондой эле кечээ 15-майда Ашхабад шаарында Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» командасы Тажикстандын «Худжанд» командасы менен беттешип, оюн 1:0 эсебинде талаа ээлери-түркмөндөрдүн жеңиши менен аяктады. Бул беттешүүнүн каарманы түркмөнстандык Турсунали Рустамов болуп, жеңиштүү топту атаандаштарынын дарбазасына таамай багыттай алды.

“Д” тайпасында 4 тур беттешүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча азырынча 7 упайга ээ Тажикстандын «Истиклол» командасы топ баштап келатат.Түркмөнстандын «Алтын Асыр» командасы 6 упай топтоо менен экинчи катарда турат .

Тажикстандын «Худжанд» жана Кыргызстандын «Дордой» командаларынын учурда 4төн упайлары болгону менен топтордун айырмасы боюнча тажиктер үчүнчү орунда. “Дордой” футбол клубу 4-орунда келүүдө.

Эми 5-тур беттешүүлөр 17-июнда болмокчу.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: