Menu

Казакстан Коргоо министрлиги Орусиядагы аскер храмынын курулушу үчүн каражат бөлдү

Бөлүшүү:

Казакстан Коргоо министрлиги Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмынын курулушуна каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ТАСС Казакстан коргоо министринин орун басары, генерал-лейтенант Муслим Алтынбаевге шилтеме берүү менен билдирди.

Курулуш үчүн канча каражат бөлүнгөнүн генерал-лейтанат так айткан жок. Буга чейин казак бийлиги 2018-2020-жылдардагы өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн 12% кыскарткан. Ага карабай коргонуу чыгымдары 25% өскөн.

2019-жылы Казакстан бийлиги Орусияга Улуу Ата Мекендик согушка катышкан казакстандыктар тууралуу маалымат жөнөткөн. “Алардын ысымдары башкы аскердик храмда түбөлүккө жазылып калат”, – деди Алтынбаев.

Орус армиясынын башкы ибадатканасы Орусиядагы эң ири диний жайлардын бири болот. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык жеңишине карата Москва облусундагы Кубинка шаарында курулат.

Орусиянын Коргоо министрлиги чиркөө элден түшкөн кайрымдуулук акчаларынын эсебинен куруларын ырастап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: