Menu

Маркум Мелис Эшимкановду ууландырышты беле?

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу оңой менен чакырган жерге барбайт, эч жерге интервью бербейт. Эки күн артынан ээрчип жүрүп, эптеп көндүрүп, кызыктуу маек курдум. Маектешим белгилүү саясатчы, ыраматылык Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Маекте ал кишинин акыркы 24 сааты, үй- бүлөсү жөнүндө, агасы жана өзү тууралуу ушак-айыңдарга жооп берди.

— Эрнис мырза, маегибизди сиздин журналистика айдыңында көрүнбөй калганыңыздан баштасак. “Котормого өтүп кеткен” деп угуп жатабыз. Конфуцийди которгон китебиңизди окудук, жакшы которулуптур. Учурда кайсы китепти которуп жатасыз? Дегеле канча китеп которуп, канчасы жарык көрдү?

— Мындан он жыл мурун аткан таңдын оту менен кирип, баткан күндүн күлү менен чыгып, тиштин кирин соруп, бутубуз менен жер шыпырып жүрөбүз деп калчу элем. Аккан суу токтобойт тура. Биз да ошол агымдабыз. Эми журналистика айдыңынан алыстаганыбызга көп эле болду. Кан алмашып турбаса болбойт да. Азыр жаштардын заманы. Жаштар такшалсын. Азыр сен айткандай, котормочулук менен алекмин. Өзүм туура көргөн орусча китептерди кыргызчалап жүрөм. Кун фу зы чыкты, Муканбет пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али имамдын “Кызыл тилдин кыл чокусу” деген насааттарын, каттарын, акылман кептерин котордум. А да китеп болуп чыкты. Ирандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн буйрутмасы менен которуп калдым. Алинин акылман кептери абдан кызыктуу экен. Ушул эки китеп эле жарык көрдү. Басмага даяр аргентиналык акын Антонья Поркьянын ырлары, индус акылманы Джидду Кришнамуртинин осуяттары, “Жүз уламыш жүрүмү” деген байыркы кытай уламыштары, суфисттердин уламыштары, Курандагы уламыштар, орустун көрүнүктүү жазуучусу Михаил Булгаковдун чуу чыгарган романы “Мастер менен Маргарита”, Рюноске Акутагаванын новеллалары жана башка майда-чүйдө котормолор көп эле. Эми буларга демөөрчү табылса, чыгып калары бардыр. Индиядан сунуш түштү эле, “Махабхарата” эпосун которуу
боюнча. Көлөмдүү да, 18 том. Өтө татаал да экен. Белсенбей турам. Алар да акчалай каражатын чечалбай жатышат окшойт.

— Которуп жаткан китептериңиз купулуңузга толобу? Эгер мамлекет котормого көңүл бурса, эмнени жандилиңиз менен которот элеңиз?

— Мен өзүм котормочулуктун окуусун тээ Ригада окугам да. Анын сырларын айтып олтурсам, сөз түгөнбөйт. “Купулуңа толобу?” деп жакшы сурадың. Дегеле толбойт. Эмне кылбайын, эмне жасабайын, эч нерсе купулума толбойт. Шведдердин Стринберг деген драматургу болгон. Өзүнүн жазгандарына эч ыраазы болчу эмес экен. Анан “чамам ушуга эле жетти” деп калчу дейт. Түпнусканын түпмаанисин түшүнүп, өзүндөй бериш өтө эле кыйын. Айылда бир теңтушум бар. Окууга аябай дилгир эле. Бирок үйдүн кичүүсү болуп, мал кайтарып, окубай калды. Орусча да билбейт. Ошол теңтушум окуп калса экен деп эле которуп жаткандай боло берем. Же ага алып барып берсемчи. Ал тоодон түшпөйт, мен тоого жетпейм. Мен бардык эле котормону жандилим менен котором. Албетте, татыктуу чыгармаларды. Азыр Лев Толстойдун “Война и Мир” романын которгум келип жүрөт. Бир жарым жылдай кетип калат го. Баш-отум менен киришим керек болот. Бирок айлык албаган соң, тийди-качты которгуң келбейт экен. Мамлекет кыргыз тилин өнүктүрөм десе, дал ушул котормочулук көйгөйүнө көңүл бурушу керек эле. Бу казагың деле, өзбегиң, тажигиң деле азыр бүтүндөй дүйнө шедеврлерин жарашса-жарашпаса деле күргүштөп которуп жатышат деп уктум. Бизде бир тыйын бөлүнбөсө, ким олтурат ага? Мына мен тиричиликке тыйын табам деп ар кайсыл сайт, мекемелерге болбогон реферат, диплом, устав, болбогон кабарларды, макалаларды, даректүү тасмаларды которуп келем. Убакыттын баарын алат, төлөнгөн тыйыны да арзыбаган нерсе. Кээде кыялданып калам, мамлекет мага кырк миң сом айлык коюп берсе, гонорарын да сурабай, үч айда бир китеп которуп жата берет элем деп. Мен негизи бир китепти үч айда которот экенмин. Алинин китебине үч ай, Булгаковго эки ай кетти. А сапатына эл гана тараза.

— Азыр мыкты котормочу жокко эсе болгону менен “котормочумун” дегендердин катары көбөйүүдө. Бирок сапатсыз которууда. Каталар да толтура. Ката боюнча маселе парламентте да көтөрүлдү. Ушул көйгөйгө кандай көз караштасыз?

— Америкалык залкар жазуучу Ульям Фолкнердин чыгармаларын англис тилинен орусчага которушкан Беккер менен Сорока жөнүндө орустун дагы бир мыкты жазуучусу Валентин Распутиндин айтканы бар: “Бул эки котормочу орус тилин дагы байытып, дагы көркөм кылышты. Улуу орус тили улуу жазуучулардан тышкары, дал ушундай мыкты котормочулардын арты менен улуу болгон” деп. Котормочулук көйгөйүн айтсаң, жандын кейигенин айт. Кыргыз тилин өлтүрүп бүтүштү го. Жанагыл котормо агентчиликтери көбөйбөдүбү. Жаш балдар-кыздар олтурат экен. Гуглга салып алышып, эми тилдин ашмалтайын чыгарып жатышат. Алардын арзандыгына карап, эл да ошолорго барып жатпайбы. Мамлекет котормого аябай катуу көңүл бөлбөсө болбой калды. Көркөм чыгармалардан да бизде техникалык, философиялык, медициналык, рекламалык котормолор каралбай жатпайбы. Атүгүл мамлекеттик иш кагаздарды, пресс-релиздерди көрүп, жакаңды кармайсың. Ушунчалык өз тилибизге өгөй ата болуп калган экенбиз, “өлбө, жаным, өлбө” деген абалдан чыкпай калдык көрүнөт. Кыргызстан эгемендүү өлкө деп төш кагабыз, ал эми кайсыл тармакты караба, башкаларга көз карандыбыз. Атүгүл тилибиз орус, англис, кытай, араб тилдеринин бут алдында калгандай. Мен өзүм ушул Бишкекте чоңойгом. Шаардыктар орусча сүйлөшөт дешчү эле. Бирок кыргыз тилин кошо ала кеттик да. Бала кезде биздин үйдөн орусча сөз чыкчу эмес. Көчөдөн гана орустар менен гана орусча сүйлөшчүбүз. Көрсө, ата-энеден болот турбайбы. Азыр Бишкекте бала бакчадагы баладан баштап, балпайган апаларга чейин орусча сүйлөп калышты. Силерге байкалабы, билбейм, мен көчөдөн орус тилин гана укчу болдум. Демек, кыргыз тилине болгон муктаждык жок. Азыр интернет чыкканы бүткүл дүйнө алаканга салгандай эле болуп калды. Ал жактын маданиятын орус, англис, араб тилинде алып калдык. Анткени кыргызча таба албайсың. Ошондуктан котормочулук өнүгүшү керек. Ал эми айылдарда орус тилин да билбеген муун өсүп келе жатат. Алар кантип аалам менен алака түзөт, же тил билбесе, же кыргыз тилинде жарытылуу маалымат жок болсо. Айтор, айта берсең арман көп… Мага кээде кириллицадан баш тартып, латын тамгасына дагы эмес, араб арибине дагы эмес, оркон-энесай байыркы кыргыз жазууларына өтүп кетсекпи деген да ой келет. Ал рун тамгаларда укмуш касиет болгон экен. Биз азыр колдонуп жүргөн “Х” тамгасы жөнүндө жөн эле ойноп, чакан изилдөө жүргүзүп көрүп, Байыркы Египетке кирип кетпедимби. Карасанатай күчтүн кара касиети экен, тобо. Эми бул темага кирсек, экөөбүз космоско учуп кетебиз…

— Кайрадан журналистикага кайрылып келейин деген оюңуз барбы? Дегеним жакшы жазасыз.

— Ой, кыйратып деле жазбайм. Мыкты жазгандардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп, калгандары журналистикадан сырт калышты да. “Ааламды айтып олтурса, акылмандын акылманы экен деп ойлоптурмун, көрсө нан кантип бышарын да билбеген неме турбайбы” деп чоң апам илгери бир кишини айтты эле. Ошондой журналисттерибиз көбөйдү. Журналист — ​эң кызыктуу, эң күчтүү, эң чынчыл кесип. Бирок биз аны эмнеге айлантып алдык? Дегеле азыркы заманда бардыгы акча менен ченелип, акча менен бүтүп, бүтүндөй коом акчанын кулуна айланды. А мен акчанын кулу болгум келбейт.

— “Баягы Асаба” гезитиңизди кайра чыгарайын деген оюңуз барбы? Бул гезитти да жакшы чыгарып жаттыңыз эле. Анын жабылып калышы боюнча да ар кандай кептер кеткен, бири: “Атамбаевди сындап жазган макала чыккан, ошондон кийин жабылды. Бийлик кысым көрсөттү окшойт” деген да сөз чыккан. Айрымдары: “андай эмес, өзү ичип кетип жабылып калган”, — ​деген да кептер кеткен. Ушулардын канчалык чындыгы бар?

— Азыр гезит окуй турган заман болбой калды. Интернетке туруштук бере албайсың. Жетиштүү каражатың болсо гана чыгарбасаң, анан жөн эле тырмалаңдай бергенден эмне пайда? Каражаттын жоктугунан эле чыкпай калган. Чыгармачыл жамааттын айлыгы, ижара төлөмү, салык, басмакана, ии, деги койчу, чыгым артынан эле чыгым болдук да. Бийлик тараптан деле кысым болбоду. Мени “ичип кетип жабылган” дейсиңби? (Күлүп) Жакшы суроо экен, ичсем, анда гезит азыр да чыгып турмак, эй! Бир аз акыл кирип, жаап койдук да, ошондо алган карыздардан алигүнчө кутула элекпиз…

— Дегеле ичкиликке кандайсыз?

— Паскалдын сонун сөзү бар, аны Кубат аке Жусубалиев айтып калар эле: “Ичкилик ичүү — ​бул жиндиликке үйрөнүү” деп. Жаш кезде далай жинди болдук да. Тимеле спортсмен эмес, спиртсмен болчубуз, өзүнчө эле ЗМС (заслуженный мастер спирта)! Той-топурларда кээде алып коем, бирок тойлорго деле барбай калдым. Азыр ааламтаануу, адамтаануу окууларынан кол бошобойт.

— Ушак, сын-пикирди кабыл алууңуз кандай?

— Башка бирөөнүн сынын дегеле кабыл албайм. Өзүмө-өзүм чоң сынчымын, өзүмдү ушундай келекелейм дейсиң. Башкаларды сынай албайм. Баа берип гана коем. Эми ушак — ​бул дили жарды, түшүнүгү тайкы, көкүрөгү караңгы кишилердин азыгы да. Ошончолук деңгээлге түшкөн болбойт го, кандай дейсиң? Азыр дал ошол ушактын, акчанын, кара өзгөйлүктүн заманы — ​шайтан акең башкарып турган караңгы заманда жарык издеп калат экенсиң.

— Мыкты журналист, мыкты саясатчы, ыраматылык Мелис Эшимканов агаңызды алигүнчө жоктойбуз, журналисттер деле, саясатчылар деле… Бир туугандарына, үй-бүлөсүнө да ал кишинин карааны жетпей турганын сезип эле турабыз. Агаңыздын балдарынын алды канчада да, арты канчада?

— Эми ал киши жөнүндө бир айтабызбы, эки айтабызбы, чагылгандай өмүр сүрүп кетти да. Өткөн жылы президенттик шайлоо алдында досу Темир Сариевге “бизге кандай тапшырма?” деп барып калдым. Ошондо Темикең: “Ох, атаңдын гөрү, Мекемдин кенедей эле сөзү жетпей турат” деп жатпайбы. Азыр ошентип байкемдин кенедей сөзүнө зар болуп калдык. Мага эл билбей калган рухий изденүүсү абдан жагар эле. Ички туюму күчтүү болчу да. Чукугандай сөз тапкан, караңгыда жол тапкан касиети болор эле. Саясат менен деле, журналистика менен деле ооруган жок, бул анын бул дүйнө менен аралаштырып турган байланышы гана болчу. А эң башкысы — ​жаштайынан кылым карыткан соболдорго гана жооп издеп келди да. Кубат акени ошол үчүн жакшы көрүп, жанынан чыгаргысы келчү эмес. Байлыкка, бийликке кызыккан жок чынында, ага процесстин өзү, жашоонун өзү кызык эле, өмүрдү ушунчалык жакшы көрчү. Мен байкемин дал ушул рухий изденүүсүн гана жактырып, ошонусун кастарлап келем. Өзү 50 жашка да чыкпай калды. Бир кызык нерсе, биздин тукумда чоң аталарыбыздын эч кимиси 50 жашка чыккан эмес экен, кырктын кырында эле кете беришчү тура. Анан бир жолу мага: “Мына мен элүүгө чыкпадымбы, үч айдан кийин чыгам, ошентип элүүнүн кырынан өтүп коет экенбиз” деп айткандан кийин көп узабай, 49 жашында кете бербедиби. А киши жөнүндө китеп баштап койгом, бирок жакшы көргөн кишилериң жөнүндө жазган өтө кыйын экен. Кудайга шүгүр, артында балдары калды, чыныгы атанын чыныгы уул-кыздары болот деп ишенем. Кызы Жылдыз быйыл 35ке чыгат, үч баланын энеси, күйөө бала экөө жаштайынан АКШда жашап калышпадыбы, көнүп да алышты окшойт, азырынча келе турган түрлөрү жок. Кийинки уулу Төлөгөн 28де. А да АКШда окуп-иштейт. IT-технологиялар боюнча ири компанияда эмгектенет. Кийинки уулу Адам 14кө чыкты, кичүү кызы Миэлла 12де, Бишкекте мектепте окушат. Бардыгы идиректүү, билимдүү балдар.

— Асел жеңеңиз да көрүнбөй кетти, ал азыр кайда? “Турмушка чыккан” деп угуп жатабыз, чынбы? Мелис Эшимканов атындагы фонд иштетип жатты эле. Фонд эмне болду?

— Жеңебиз азыр Алматыда, бир компанияда иштейт. Бул жакта улам байкемди эстеп ыйлай берип, жер которуп кеткени жакшы болду. Турмушка чыкпады. Өзү деле айткан: “Мен эми турмушка чыкпайм. Мелисти сүйгөм, сүйүп өтөм” деп. Эми чыгып алса деле болмок, кантсе да, жаш да. Чындыгында экөө бири-бирин катуу сүйүштү. Байкем жеңемди алгачкылардан болуп мага тааныштырган эле. Ал эми фонд токтоп турат. Баягы эле каражатка барып такалат. Айылдагы маданият үйүнө Мелис Эшимкановдун ысымы берилген. Атүгүл ошол жакка каражат салганга чамам чак болуп турат.

— Агаңыздын өлүмү тууралуу да ар кандай кептер бар, “киши колдуу болгон” деген. Акыркы 24 саатын айтып бере аласызбы?

— “Киши колдуу болду” деген шек бир туугандар арасында бар. Мен деле ошентип ойлойм. Атүгүл шектенген кишим бар. Акыркы айларында оголе көп кишилер менен жолугушуп жиберди. Шайлоо учуру болчу да. Жолугушуудан жолугушуу болуп, колу бошобой калган эле. Бирөө такай келе бергенин жактырбай жүрчүмүн. Кийин өлөрүнүн алдында өзү айтып жатпайбы: “Сен жактырбай койсоң, сени жаман көрүп койгом, анан өткөндө бир сөзүмдү сөзмө-сөз бирөөгө жеткирген экен, ал сөзүмдү кайра мага сөзмө-сөз айтып келишкенде, кызыктай болуп калдым. Ага аябай ишенип алыпмын. Айтылбай турган сөз эле” деп. Ушундай ишенчээк болчу да. Акыркы 24 саатта жанында болбой калбадымбы. Чогуу байкемдикинде жашап жаткам да. Эки күн мурда иштер менен эжемдикине кеткем. Жума сайын үчүнчү күнү мончого барчубуз. Үчүнчү күнү эртең менен телефон чалып, бошобой жактанымды айтып, “башка бирөөнү чакырып аласызбы?” десем, бир анекдот айтып күлдүрдү. Анекдотторду катырчу эле да. Негедир ошондо узак сүйлөштүк. Ар кайсыны эле. Телефондон экөөбүз “ооба-жоктон” башка эч нерсе сүйлөшчү эмеспиз. “Эмне, бук болуп калгансызбы?”, — ​десем, “Бир байкеңди чакырып койгом, келсе — ​келди, келбесе, өзүм эле түшө берем”, — ​деп койду. Үнү шайдоот, жакшы эле болчу. Анан эртеси жеңем чалып, “ооруканадабыз, байкең катуу болуп жатат” деп жатпайбы.

Ошентип кете бербедиби. Уу берилген деп эле ойлойм. Ал күнү эмес, алда канча эрте, эки айдай берилген. Өзү да “мага тамак жакпай калганбы?” деп айтып калганын бир уктум эле. Ал эми оозуна алы жетпегендер ар кайсыны оттой берет. Эми көпчүлүк жагдайларды, конкреттүү кишилердин аты-жөнүн китебимде жазам, буюрса.

— Агаңыз түшүңүзгө киреби? Куран окутуп турасызбы?

— Негизи эле акыркы жылдары түш көрбөй калдым. Мурда эки-үч жолу кирген. Унчукпай эле мени карап турган болот. Куран кантип окутпай калалы, окутуп эле келебиз.

— “Бай болгон” деп укканбыз, бай беле?

— Өзүнүн айтканы бар: “Адам жандүйнөсү менен бай” деп. Ал жагынан аябай эле бай болду. Кичинекей кезимде, анда байкем мектеп окуучусу да, чай ичип олтуруп алып, гезит окуй бере турган. Өмүр бою гезит калтырбай окуду. “Летописи жизни” деп коюп эле гезиттин биринчи бетинен майда-чүйдөсүнө, нускасына, көңүл айтууларга чейин окучу. Күнүгө орусча-кыргызча гезиттердин бардыгын тандабастан алдырчу. Мындай гезит окуган кишини көрбөдүм. Жаш кезинде китеп да колунан түшчү эмес. Кийин тандап окуп калды. Динге, философияга, көркөм адабиятка, киного, сүрөткө, даректүү тасмаларга, телеберүүлөргө, спорттун бардык түрүнө кызыкчу эле. Спорт жаңылыктарын байкемен угуп алчумун. Ал эми көроокатты сурасаң, эл катары эле жашады. Мурдагы жылы бекен, тээ Киргизиядагы заңгыраган үйлөрдү жанынан эжем өтүп баратса, бир аял чогуу басып калып, чоң үч кансарайды көрсөтүп, “мобул үйлөр Мелис Эшимкановдуку, азыр бирөөсүндө карындашы жашайт”, — ​деп коет дейт. “Менин ошондой чоң үйүм бар турбайбы!” деп эжем күлүп жатпайбы. Билбейм, мен бала болуп башыма жүн чыкканы дүнүйөгө кызыккан эмесмин. Байкем деле
карапайым жашады. Мурда үйүнө келгендер: “Ой, Мелис, сенин катып койгон башка үйүң бар болуш керек, кантип ушундай жөнөкөй үйдө жашамак элең?”, — ​деп калышчу. Эки кабат үйдө бир жарым жыл эле жашап калды окшойт. Өзү: “Мына мен деле эки кабат үйгө жеттим. Андан эмне болуп кетти? Эмне мага мүйүз чыгып калыптырбы?”, — ​деп күлдүрдү эле. Дал ушундай бийликке, байлыкка кызыкпаганы жакчу да. Өзү аябай берешен киши эле да. Эч кимден эч нерсе аячу эмес. Колунда болсо эле берет. “Канчалык берсең, ошончолук алат экенсиң, ушуну байкадым” деп калар эле.

— Эгер агаңыз тирүү болгондо “Асаба” гезити үзүлбөй чыгып турмак да. Биз билгенден достору бай го, мисалы, Темир Сариев, Тынычбек Конушбаев, Аскар Салымбеков, Турусбек Мамашев, Султан Раев, Бегалы Норгозуев, Сабыр Жумабеков… деги бай достору, инилери, агалары көп эле го? Ушулар жардам берсе эле гезит чыгат да, аларга кайрылган жоксузбу? Алар менен мамилеңиз кандай, кимиси менен катташасыз?

— Мелис Эшимкановсуз “Асаба” — ​“Асаба” эмес. Эми достору жөн эле гезитке акча салганга милдеттүү эмес да. Чынында мен акчага жокмун, ишим да жок, анан сураганды айтасың да. Бардык достору менен саламым түз. Эч кимиси менен деле катышпайм. Султан Раев чыгармачыл киши болгондуктан, жолукканда
учурашып, ар нерсени сүйлөшүп калабыз.

— Азыр Рамазан айынын учуру. Орозо кармап жатасызбы?

— Өмүрүмдө бир да жолу кармап көргөн эмесмин. Өз ыкмам бар. Жылына бир жолу ачарчылык кармап, денени тазалап турам. Аным дайыма эле орозого туура келбей калат. Баса, Орозоңор кабыл болсун! Орозону кош колдойм, бирок тогуз жаштан баштап кармаса боло берет деп балдарын кыйнаган ата-энелер менен, бала эмизген энелерди кыйнаган күйөөлөргө макул эмесмин.

— Динге мамилеңиз, Кудайга ишенимиңиз кандай?

— Дүйнөдө канча дин, канча секта, агымдар болбосун, бирөөсүн да кабыл албайм. Жараткан берген Акыйкаттын алдында диндер эч нерсеге арзыбай калат. Ааламтаануу, адамтаануу окуулары ошол Акыйкатка жолуктурат экен. Ал окууларга илим-билим менен бирге диндер да кирет дечи, болгону кичинекей бир тепкич болуп бере алышат.

— Кайда барып эс алганды жактырасыз?

— Тоолордон өткөн эмне бар? “Выше гор только горы” деп Высоцкий ырдагандай да. Тоо кучактап жатканды сагындым.

— Кайсы телеберүүнү сүйүп көрөсүз?

— Илимий, диний, саясый, тарыхый, дүйнө сырлары, адам сырлары жөнүндө берүүлөрдөн жаңы маалымат алганга аракеттенем. Тилекке каршы, андайлар өтө эле аз. Көбүнчө интернеттен издейм. Ал эми жаңылыктарды негедир чер жазып, күлүп алуу үчүн көрүп коем. Суук кабардан тышкары жаңылыктар мага күлкүлүү угула берет.

— Азыр кыргыз киносу көбөйдү, телевизордон да көп берилүүдө. Купулуңузга толуп жатабы?

— Ии, кинону айтып, менин бир буйткамды козгойсуң да. Мен он сегиз жашымда Москвага барып, ВГИКке тапшырып, өтпөй калгам да. Ошол жерден кадимки эле Шукшиндин досу Георгий Бурков менен таанышып калдым эле. Ригада даярдоо курсунда окуп жүргөндө, модернизм кинолорунун күндөрү болуп калды. Үч кинотеатрда. Сабакка барбай, украин, тажик досторум менен бирин да калтырбай көрдүк эле. Ошондо кинорежиссер болгум келгенин айт. Документтеримди топтоп алып, түз эле Москвага кетип калбадымбы. Чыгармачыл конкурстан эле өтпөй калдым. Даярданган да эмесмин. Кийинки жылы тапшырсам болмок экен деп калам. Кино менен катуу ооругам. Бирок аралаша албай койдум. Акыркы кезде казак досторго киносценарий жазып бере коюп жүрдүм. Алар тартылдыбы, тартылган жокпу, анысын деле билбейм. Жаныбек Жанызак “пирожки китептер” деп айткандай эле бир “дешевкаларды” жазып берип келдим, тыйын керек болуп. Бирок антип акча үчүн азгырылбаш керек экен. Өзүң ошондой “дешевка” болуп калат экенсиң. Ошону түшүнгөндө, дароо токтоттум. Анан кыргыз киносун сурап жатпайсыңбы, кээде угуп калам, кыргыз киносу өлгөн жок, аябай көтөрүлүп келатат деп. Кээде эмнени тартып жатышты экен деп теледен көрүп калам, “Көтөрүлбөй эле, өлүп баратканбы?” деп койдум. Баягыл залкар артисттер жок, режиссерлор жок, операторлор жок, сценаристтер жок, алардын өнөрүн илип кеткен эч кимиси жок экен. Эми окуусун окушпаса, көрүнгөнү эле тартып жатса, ошондой болот да. Москвадан атайын окуган Нурбек Эгенден үмүт арттым эле. Кандай тартыш керектигин окуса да, кандай тартпаш керектигин үйрөнгөн эмес окшойт. Саналуу эле таланттуу артисттерибиз бар, бирок ушундай начар кинолорго тартылып жаткандарына ич күйөт. Эрнест Абдыжапаровдун “Такси жана телефон” деген тасмасын чакан шедевр катары эсептейм. Актан Арым Кубаттын кинолорунан улуу режиссерлордун духу сезилет. Мен кинону кыргыз, орус же голливуд деп бөлбөйм. Кино деген кино болуш керек. Дароо эле залкарларга салыштырып жиберем да. Анан алардын алдында шоона эшпей калып жатышпайбы.

— Азыр журналисттер да, сайттар, гезиттер көп. Кайсы гезит, сайтты окуйсуз?

— Күтүлбөгөн жерден гезит колума тийип калса, барактап коем. Көнгөн адат менен биринчи эле темалары көзгө урунат. Бир баш чайкайсың. Жасалгалышын карайм. Дагы баш чайкасың. Анын текстине көз саласың да, ыргытып ийип басып кетесиң. Чынында гезит окубай калдым. Сайттарын карайм. Кыргыз сайттарын көрүп, жазгандарын окуп, үрөйүм учат. Азыркылар кайсыл тилде жазышат, билбейсиңби? “Азаттык”, “Спутник” сыяктуу бакыйган сайттардын кыргызчасын окуп алып түшүнбөйм. Баягыл дүйнөлүк стандартка салабыз деп, тил сындырып, баш айландырып коюшат экен. Аны деле жакшынакай кылып, ошол эле дүйнөлүк стандарт менен жазса болот да. Сөз менен иштегенди унутуппуз. Сөз кадырлаган, сөз баалаган эл ушинтип калдыкпы деп таңгалам. Жанагыл катталып алып жазышкан социалдык түйүндөргө дегеле кирбейм. Чынымды айтсам, башка планетага түшүп калгандай эле боло берем. Ал жак чындап эле өзүнчө дүйнө экен. Жаштарыбыз ошол дүйнөнүн балдары болуп калды да. Баалуулуктар ушинтип тескери аңтарылганда, коом дагы ошондой аңтарыла баштайт экен. Салижан Жигитов: “Же булар кыргызды бар кылат, же таптакыр жок кылат” деп айтканындай эле.

— Камера кармагандар кинорежиссер болсо, калем кармагандар акын болуп кетти. Жаштар бат эле, акын, жазуучу болуп калууда. Ушуга көз карашыңыз кандай?

— Көз карашым жакшы эле. Анын эмнеси жаман? Стефан Цвейгдин жаш таланттарга айткан сонун сөзү бар, бул жалпы эле чыгармачылыктын босогосунда турган жаштарга тиешелүү болсо керек: “Кечинде шыпты тиктеп жатып алып, жакшылап ойлон: мен жазышым керекпи же жазбашым керекпи? — ​деген эле суроону чын жүрөгүңдөн бер. Ошондо жүрөгүң жооп берет” дейт. Ой, жазсын, тартсын, изденсин дечи, бирок деңгээл дегенди унутпаш керек. Мыкты талантың болсун, шумдуктуу идеяларды тап, укмуш сөздөр менен шөкөттө, баары бир деңгээлиң болбосо, арзыбаган нерсе экени бат эле көрүнүп калат. Анан Акутагаванын да сонун сөзү бар: “Жапжакшынакай талантты куркулдайдын уясындай болгон ыңгайлуу атак-даңк менен жайлап алса болот” деген. Ушундай залкарлардын да сөздөрүн тыңдай жүрүш керек.

— Сиздин акын экениңизди да билебиз. Канча ыр китебиңиз жарык көрдү эле? Поэзия кечесин өткөрүү оюңузда барбы?

— Менин жеке китебим чыгып көргөн эмес. Бир таанышым өткөндө “байкең тирүү кезде китеп артынан китеп чыгарып албайт белең, келесоо” дейт. “Акылыңан айланайын, ушуну кантип ойлободум экен? Рахмат сага, эми билип жүрөйүн” деп кутулдум. Мелис байке канча жолу айтты: “Китебиңди чыгарып берейинби? деп. Негедир ырларымды жактырчу. Кээ бирин окуп калган жайы бар эле. “Кубат аке өзү баш сөзүн жазып берем деп жатат” деди эле. “Чыгарып коюш керек эле” деген ойдон ары жылбадым. Китеп мен үчүн маанилүү деле эмес. Кече деле ошондой. Эл катарына кошулуш үчүнбү? Мен поэзия кечелерине барганда, ырлардын маанилерин такыр түшүнбөй калам. Ырды жалгыз олтуруп алып, кайра- кайра окуганда гана жугат мага.

— Сизди “өтө түнт. Жалгыздыкты жакшы көрөт” деп айтышат го. Мүнөзүңүз кандай? Өзүңүзгө жакпаган кандай сапатыңыз бар? Дегеле турмушта издегениңиз эмне?

— Өзүң жана сурап калбадыңбы, “маектин башына акын, журналист, котормочу Эрнис Асек уулу деп жазып коелубу?” деп. Жалгыздыктын эмгек сиңирген ишмери деп жазып койсоң жарашат, эй! Ооба, түнтмүн, чындап эле жалгыздыкты жакшы көрөм. “Тизе бүгөм, жалгыз сага баш сунам, О, Жалгыздык — ​айтып бүткүс санжыра!” деген ыр сабым бар. Кишинин адаты болот экен. Бала кезден эле. Ошол адат мүнөзүңдү калыптайт экен. Мүнөзүңө жараша тагдыр күтөт экенсиң. А тагдыр — ​бул жазмышың. А жазмыш — ​өмүрүңдү түптөйт. Ошондо өмүрүң — ​бул адат болуп калат. Жакпаган сапаттарымды санап олтурсам, сапатым деле калбай калат го. Жакшы-жаман деп чулу нерсени бөлгөндү туура эмес көрөм. Турмушта издегеним Акыйкат болуп келген. Маани-маңызына түшүнбөй келдим да. Эми Акыйкатты аңдап калдым. Аткарыш гана керек.

— Анда сиз айткан Акыйкаттын маани-маңызы эмнеде?

— Аны ар бир адам өзү аңдап билүүгө милдеттүү. Башка жол жок. Чулу гана Акыйкат бар.

— Атбашылыктар таластыктардан калышпаган мактакчаак, өпкө келет” дешет го. Сизде мындай сапаттар барбы?

— Ар бир адам бир нерсеге мактангысы келет. Келет, бирок ошол мактана турган нерсеси болуш керек да. Менде ошол нерсе жок болуп жатат. Пайда болгондо, дароо мактанам, ошондо көрөсүң.

— Кызыл-Туу айылынан экениңизди билебиз. “Кызыл-Туунун кырмасы” деп айтылат экен го айылыңыздар, эмнеге андай аталып калган?

— Тынч жашап жаткан байкесине келип алып, “Ачык сөз” деген жабык сөз менен коркутуп, суроо жаадырган кыздардан улам чыккан, карындашым. Кыргыздар илгертен кырып, жырып сүйлөгөн калк болгон да. Бу Токтогулдагы чоңколор, Жумгалдагы саяктар, анан ушул кызылтуулуктардын кырмасы, дегеле койчу, кыргыздын кайсыл аймагына барба, сөз менен арбашкандар четинен чыгат.

— Досторуңуз барбы? Дос деген кандай болуш керек?

— Фейсбукта канча досум бар эле? Бу социалдык түйүндөр ага-ини, тууган-туушкан, эне-бала, курбу-курдаш дегендин баарын дос кылып салбадыбы. Качан кыргызда кыз менен кыз дос болчу эле? Курбу болушкан. Дос деген эркектерге гана тиешелүү касиеттүү сөз. Азыр жалгыз бой, башы бош кыз-келиндерди бойдок деп калдык. Бойдок дагы эркектерге гана тиешелүү сөз. Айтор, дилибиз бузулганы — ​тилибиз да бузулуп барат. Беш манжага жетпеген досторум бар. Бу дос деген сөз илгери дос, тос, дөс, доос, тоос деп аталып, жанын берүүнү, калкалап жүрүүнү, жандилин жайып тосуп алганды түшүндүрчү экен.

— Канча уул-кыздын атасысыз? Алар кайда окуп, иштейт? Сизди жолду жолдогондору барбы, журналист, акын болгону?

— Уул-кызым бар. Кызым кыргызчылыкты изилдеп жүрөт. Орусча ыр жазып калат. Уулум студент, психологияда окуйт. Фотосүрөт өнөрүнө кызыгат. Компьютер чукулайт. Ой-жүгүртүүсү, жазганы да жаман эмес.

— Турмуштагы девизиңиз?

— Жаш кезде ушундай учкул сөздөрдү айтканды жакшы көрчү элек. Бирок бирөөсүн туу көтөрүп деле өтпөдүк. Кун фу зы устаттын: “Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот” деген сөзүн эми түшүнө баштадым…

— Саясатка кызыгасызбы? Кайсы бир партияда мүчөсүзбү? Агаңыздын ордуна депутат бол деп чакыргандар болсо керек? Дегеле кайсы саясатчыны жактайсыз, эмне үчүн?

— “Кичинекей гүлдө да саясат бар” деп Рамис акын айткандай, саясатка дүрбү салбасак да, абай салып турабыз. Байкем “Бей-бечаралар” партиясына араң киргизген. Кийин аны КСДПка “жутуп” албадыбы. Депутаттыкка чакыргандар көп эле болду. Ал биздин ыкыбалдагы нерсе эмес. Элибизге калемибиз менен эле кызмат кылып жүрө берели. Конкреттүү саясатчым деле жок. Бирок ар кимдин ар кандай сапаттарынан чогултса болот го дейм. Мыктыбек Абдылдаевдин мыктай бекемдигин, Өмүрбек Текебаевдин өткүрлүгүн, Акылбек Жапаровдун акыл калчай билгенин жана башка, жана башкаларды атап, ушинтип кете берсе болот. Болгону азыр саясатчыларга саресеп салгыдай көңүл жок…

Маектешкен: Жазнура Напасова

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: