Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) дзюдочуларга спорттун башка түрүндөгү мелдештерге катышууга тыюу салган жарлыгын жарыя кылды. Бул өзгөрүүлөр жана тыюулар IJF эрежелерине тиешелүү экени белгиленди.
Эл аралык дзюдо федерациясынын эрежелерине жаңы пункт кошулган, ага ылайык: IJFтин дүйнөлүк тизмелеринин бирине кирген дзюдо балбандары – уландар, жаштар, чоңдор – спорттун башка түрүндө өткөн эл аралык мелдештерге катыша албайт.
Эреже бузгандарга каршы санкциялар кабыл алынат: биринчи жолу эрежени бузгандар IJF мелдештеринен, машыгуу лагерлеринен жана башка мелдештерден эки айга четтетет.
Экинчи ирет эрежени бузса, эл аралык мелдештеринен эки жылга четтетилмек болду.
Мурда дзюдочулар самбо күрөшү, джи-джитсу,алыш, кулатуу, эрежесиз эр уруш жана башка спорт түрлөрү боюнча өткөн мелдештерге катышып жүрчү. Мисалы, кыргызстандык балбандардын көпчүлүгү самбо, кулатуу, джи-джитсу, алыш, бел боо күрөштөрүнө катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишкен. Эми эрежени так сактоо талап кылынып жатат.
Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ