Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Джон Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан да тыгыз өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп саналат деп ишенем. Өз тарабымдан Кыргызстан АКШ менен болгон кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирип кетким келет. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Америка элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: