Menu

Темир Сариев: «Физикалык жактардын жеке пайдалануусу үчүн киргизилген товарлардын тизмесин кайрадан карап чыгуу жана алдын ала эскертүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү зарыл»

Бөлүшүү:

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 10-марттан тарта ЕАЭБ алкагында мамлекеттик чекара аркылуу товарларды ташууда республика аймагына киргизилчү товарлар тууралуу алдын-ала эскертүү процедурасын караган жаңы эрежелердин киргизилиши боюнча кеңешме учурунда билдирди.

Ишкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына алдын-ала эскертүүлөр боюнча татаал процедураларды кароо өтүнүчү менен кайрылган.

ЕАЭБ алкагында ташылуучу товарлар жана алардын тизмеси жөнүндө эскертүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы эрежелер импорттолгон товарлардын толук эсебин, атамекендик өндүрүшчүлөр үчүн бирдиктүү шартты жана акыйкат бизнести камсыздоо иретинде киргизилүүдө. Ошол эле учурда аталган механизм Казакстан Республикасынан ташылган товарлар эсебин камсыздоо иретинде киргизилүүдө, аларга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Бирдиктүү бажы тарифтерине салыштырмалуу төмөндөтүлгөн бажы алымдарынын колдонулушу каралган.

«Физикалык жактардын жеке пайдалануусу үчүн киргизилген товарлардын тизмесин кайрадан карап чыгуу жана алдын ала эскертүү процедурасы бизнестин сунуштарын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгууну талап кылат. Ал үчүн аталган токтомдун ишке кирүү мөөнөтүн жылдыруу жана Өкмөттүн келерки ыкчам жыйынында карап чыгуу зарыл», – деп белгиледи Темир Сариев.

Ошондой эле КР вице-премьер-министри Олег Панкратовго казак тарап менен каралбаган товарлардын республикага болгон агымынын жогорулоо абалы боюнча маселени ыкчам тартипте карап чыгуу, ошондой эле аталган маселени Евразия экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгуу тапшырылды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка чекарадагы көзөмөлдү күчөтүү жана товарларды ташып кирүүнүн көмүскө схемасын аныктоо, ал эми Экономика министрлигине баалардын минималдык көзөмөлдөө деңгээлин киргизүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышын тездетүү тапшырылды.

Белгилесек, акыркы кездерде Кыргыз Республикасынын аймагында төмөндөтүлгөн баалар боюнча каралбаган товарлардын саны жогорулаган, бул өз кезегинде атамекендик ишкерлердин атандаштыкка туруштук берүүсүнө ыңгайсыз шартты жаратууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: