Menu

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды, алардын ичинде премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринен COVID-19 вирусунун бар-жогун текшерүү үчүн анализ алынган.

Анализдин жыйынтыгы боюнча 26 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болду. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Артем Новиков жана Премьер-министрдин жардамчысы бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: