Menu

Милиция кызматкери табелдик курал менен үч жаштагы баланы жолбун иттен сактап калды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Аламүдүн райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери милициянын кенже сержанты Адилет Бекжанов табелдик курал менен үч жаштагы баланы жолбун иттен сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкери жаш баланы куткаруу үчүн табелдик куралды колдонууга  туура келди.

Бул окуя 2019-жылдын 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери Адилет Бекжанов, “Дордой” базарынын жанында жайгашкан күзөт постунда  кызматын өтөп жаткан кезде көчөдөн кичинекей баланын кыйкырган үнүн угуп, чуркап чыкса баланы жолбун ит тиштеп кое бербей жатканын көргөн.  Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара тартышкан.  Ошол убакта, жолбун ит баланы тиштеп алып, башка тарапка сүйрөй баштаган. Муну көргөн милиция кызматкери, табелдик куралды колдонууга туура келген. Баланын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген итке ок чыгарган. Натыйжасында, иттен баланы бошотууга мүмкүн болгон. Окуядан кийин, милиция кызматкери тез жардам кызматын чакырып, баланы  ооруканага алып кетишкен.

Өз кезегинде, баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын кенже сержанты Адилет Бекжановго баланы куткаргандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Кээ бир адамдар милиция кызматкеринин иш-аракетин туура эмес деп эсептөө мүмкүн, бирок баланы куткаруу үчүн ар бир секунда маанилүү. “Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктуна ылайык милиция, кызматкери жаныбардын кол салуусунан коргоо  үчүн табелдик куралды колдонууга укугу бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: