Табият күн санап өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ал себептуү табият кырсыктарынын түрү да көбөйүп, катаалдыгы артып барат. Кечиккен жаз, тыным албаган жамгыр, оор чыккан кыш Кыргызстанга бир топ эле табият кырсыктарын алып келди. Мындай учурда бул тармакты тескеп, байкап, алдын алып иш жүргүзгөн жетекчиликке кыйла эле оор жүк жүктөлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Баронов мындай кырдаалдарда ар качан эл аралап, карапайым калктын жанында жүргөнү жүрөк жылытат. Кабинет-министр болбой, калың журттун көйгөйүн жеринде чечүүгө аракет кылган Кубат мырзага алкыш гана жарашат. Ал эми айрымдар сынга алып жаткандай табият кырсыгын ӨКМ атайылап чакырган жок да. Ырасында, ӨКМ тарабынан кыйла алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Министр Бороновдун жигердүү ишмердүүлүгүн Президент Алмазбек Атамбаев да белгилеп келет.
Булак: “Де Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ