Тойкананын иштешинин жаңы алгоритми иштелип чыкканын Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча адиси Майрам Иманкулова КТРКнын эфиринде билдирди.
Ал эски менен жаңы алгоритмдин айырмасын айтып берди.
“Бардык кафе-ресторандар жаңы алгоритм менен тааныш. Белгилүү болгондой, эски алгоритм боюнча, биз келген адамдардын санын 50 адамдан ашпасын деп сурадык. Жаңыга ылайык, 50% га чейин адамды кабыл алууга уруксат берилет, башкача айтканда, тойкана 400 орунга ылайыкташтырылса, анда 200гө чейин адамды кабыл алууга уруксат берилет”, – деди ал.
“Мекеменин ээси бардык жоопкерчиликти өзүнө алат. Ал коноктордун толук тизмесин сурашы керек: аты-жөнү, дареги, байланыштары. Мекеменин кызматкерлери ар бир келген адамдын температурасын текшерип турушу керек. Эгерде белгилер байкалса, анда аны мекемеге киргизбөө керек. Калгандары өзгөрүүсүз калууда», – деп кошумчалады Иманкулова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ