Ош шаардык мэриясынын мектеп окуучуларынын маршруттук таксидеги жол акысын 1 сомдон 5 сомго көтөрүү сунушу шаар кеңеши тарабынан колдоо тапты.
Ал эми муниципалдык автобус менен троллейбустар окуучулар үчүн жол акыны 3 сомдон ала баштайт. Жаңы тариф 2020-жылдан баштап күчүнө кирет.
19-февралда шаардык кеңештин депутаттары окуучулардын жол киресин 5 сом кылуу сунушун карашкан. Анда мэриянын демилгесин эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоп берген эмес. Анткени, депутаттар муниципалдык транспорт үчүн окуучулардын жол акысын жогорулатууга каршы чыгышкан.
Мектеп окуучулар үчүн жеңилдетилген тариф 2001-жылы киргизилип, коомдук жана муниципалдык транспорттор чүн жол акы 1 сом болуп бекитилген.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ