Menu

Темир Сариев өкмөттү жетектеп турганда карапайым элдин чөнтөгүнө “кол салып” ийген жоруктарын өзү унутуп калса да, карапайым эл унута элек

Бөлүшүү:

Эмдиги жылдын күзүндө күтүлүп жаткан башкы так талаш үчүн болгон тиреш эмитен эле күүсүнө кирип, айрым жерлерде андайлардын “сурнай-чоорлору” тартыла баштады. (Айрымдары социалдык түйүндөрдө жасалма рейтингдер аркылуу кадыр-баркын көтөрүшүп…). Ошол эле учурда мамлекеттин саясатын сапырып жаткан эрендер да өз короосундагы мураскерлер жөнүндө улам бирөөсүн кулак кагыш кылып, ачык болбосо да кыйыр түрдө коомчулуктун мээсине куя баштаган кез. Мисалы, А.Сегизбаев, С.Исаков, С.Жээнбеков сыяктуу ысымдарды башка бирөөлөрдүн ооздору менен айттырып. Албетте бул калыптанып калган саясий ыкма. Мындай көрүнүштү эрен-терөөнү жок эле кабыл алганыбыз оң.

Ошол эле учурда Ак үйдүн короосунан тышкары жүргөндөр да хан такты үчүн болгон шайлоонун “генпланын” чийип жатышкандары жөнүндөгү шыбыр кептерди да шыпырып салуу мүмкүн эмес. Кечээ жакында эле өлкөнүн түштүгүнөн чыккан тыңчыкмалар деп эсептелген А.Келдибеков, К.Ташиев, А.Мадумаровдор “Ата-Журттун” туусунун алдына биригишкенин билдиришип, бирдиктүү талапкерди алып чыгуу ниеттерин ачыкка чыгарды. Борборго жакын тараптан өткөндө Темир Сариев деген саясатчы дагы башкы такты үчүн кыл чайнашка чыгаарын билдирген жайы бар. Айтмакчы, Т.Аргембаевич жакында Көл кылаасында болуп, эл менен жолугушуп келди. Бул “ак шумкарчы” Баш бакан болуп турганда Аксыга барып: “биздин жашообуз болуп көрбөгөндөй өсүп баратат” дегендей, “эгер мен премьер-министр болуп турганымда “момундай-тигиндей болмок” деп алтын шилекейлерин армансыз эле чачыратыптыр, ал жакта. “Айла жок, бирок ай лавю” деген ушул. Бул мырза өкмөттү жетектеп турганда карапайым элдин чөнтөгүнө “кол салып” ийген жоруктарын өзү унутуп калса да, карапайым эл унута элек болсо керек. Ошол эле Кумтөр чатагындагы “трюктары”, “Манас” аэропортуна конгон же андан учуп чыкканы үчүн ар бир адам он доллардан таштап кетүүсү жөнүндөгү табылгасы, страховка, шарты катаал аймактарда жашагандардын жеңилдиктерин “кесип” алуу аракети, жумуш убактысынан кийин эки-үч саат болсо да эптеп нанга болсо да тыйын таба калайын деп таксоват эткендердин баары машинелерин сары түскө боёсун деген “тапкычтыгын” карапайым элди колдоо үчүн жасалган саясат деп кантип айтабыз? Эми ошол Т.Сариевдин бийликтен кеткенден кийинки эл менен жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрүнө кулак төшөсөң өзүнчө эле жомоктогу ак ат минип асмандан түшүп келген куткаруучудай сезилип кетет экен. Тим эле азыркынын Робин Гуду. Кызыгы, Чолпон-Атадагы жолугушууда ал: “жаңы-жылдан кийин чоң шоу болот. Ага баарыбыз күбө болобуз” деген маанайдагы табышмактуу “намёгун” момун көлдүктөр түшүнө албай турган кези. Ачык эле айтып койбойсузбу, ал эмне деген “ шоу” Темир Аргембаевич?

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: