Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде белгисиз адам башка бирөөнү сабап жаткандыгы жөнүндө видео таркоодо. Сабалган эркек адам атайын багыттагы отряддын мурдагы кызматкери экендиги жана сабап жатышкандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча текшерүү жүрүп жатат. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жалал-Абад ОИИБи тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.
Жабырлануучуну сабап видеого түшүп калган жарандардын өздүгү такталып, алар Сузак районунун жана Таш-Көмүр шаарынын үч жашоочусу болуп чыгышкан. Андан сырткары, жогорудагы укук бузган иш-аракеттерге тиешеси бар делип 1988-жылы туулган М.Э. аттуу “Чач” каймана аты бар жаран уюштуруучусу катары текшерилүүдө. Ал УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Сабалган адам атайын багыттагы отряддын мурдагы кызматкери деген маалымат такталды. Ал Жалал-Абад ОИИБде 15 жыл мурда иштеген. Үч жылдан ашык иштеген соң, 2004-жылы кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн жумуштан бошотулган.
Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча М.Э. аттуу жарандын үйүнө, 7-май күнү кечинде 7-8 адам келип, көчөдөн себепсиз ур-токмокко алышып, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен. Кол салгандардын бирөөсү бычак такап зомбулук көрсөткөнүн, экинчиси ок атуучу курал менен коркутканын үчүнчүсү телефонго тартып алган.
Ошондой эле, видеодо Сапар аттуу адамдын аты айтылгандыктан, ал дагы такталып, жабырлануучунун классташы жана жеке ишкер болуп чыккан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.Жогорудагы факты боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Видео таркагандан кийин КЖБРге катталды. ИИМдин криминалдык милиция кызматы жана Жалал-Абад ОИИБси тарабынан шектүү жарандарды кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.
https://youtu.be/MTuRQhP6TLU
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ