Menu

Видео – Абылгазиев: «КТ Мобайл» компаниясы ишке кириши керек

Бөлүшүү:

«КТ Мобайл» компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айтты.

«Бажасы, уулу деп жатышат. Туугандарым аралашканы туура эмес деп ойлойм. Бирок ошонун баарын тастыктайлы», — деди ал.

«КТ Мобайл» – «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы жөнүндө кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: