Депутаттар элдин кызыкчылыгын коргойбу же өз капчыктарын кампайтып жан багышабы деген маселе коомдо ар дайым козголуп келет. Буга себеп болчу мисалдар арбын. Мына карапайым эл кытайларга каршы митингге чыгып алды камалып, арты штраф төлөп жүрсө, «биздин» депутаттар кытайлардын артынан чуркап жүрөт. Айтайын дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмасбек Акматов менен Искендер Гаипкулов балдары Чынгыз Акматов менен Шергазы Гаипкуловду ээрчитип алып, Кытайдын кафель чыгарган заводунда өз бизнестерин гүлдөтүүнүн айла-амалдарын издеп жүрөт. Анткени обои, кафель саткан «Галерея» дүкөнү Гаипкуловго таандык. Барса эмне экен, өз акчаларыбызга бардык деп кыйкырып чыгышаары турган иш. Бирок жеке компания менен жеке жолугушуу болсо, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деген төш белгини тагынып алып, балдарын ээрчитип алышып шадыраңдап жүрүшкөнү кандай? Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгон эргулдарды ооздуктачулар барбы?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ