Menu

Фото – Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусу менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри расмий сапары менен келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусу боюнча 2019-жылдын 20-майында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов Кыргызстанга
расмий сапары менен келди.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары тар жана кеңири курамда кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу жана учурдагы маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк духунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү тараптар жактай тургандыгын белгилешти. Эки өлкөнүн мамлекеттеринин, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана региондорунун башчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз саясий жана экономикалык диалогду туруктуу колдоого өз ара кызыкдарлыгын билдиришти. Эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле Министрлер эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты жана ушул жылы пландаштырылган эки жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Экономикалык кызматташтыкка, өз ара соода-сатыкта жана жүк ташууларды ишке ашырууда бөгөттөрдү четтетүүгө, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртууга, туристтик жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн башында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары «Ак-Жол» (Кыргыз Республикасы) жана «Кордай» (Казакстан Республикасы) өткөрмө пунктуна барып, анын иши менен таанышып, аны реконструкциялоо маселелерин талкуулашты. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын тийешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, атап айтканда, чекара кызматтарынын башчылары дагы болду. Алар өткөрмө пунктун модернизациялоого багытталып, жүргүзүлүп жаткан иш туурасында маалымат беришти. Туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча аталган өткөрмө пункттун инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди баштоо үчүн эки өлкөнүн профилдүү ведомстволору жакынкы убактарда бардык зарыл иш кагаздарды макулдашууну сүйлөшүштү.

Сапардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2019-2020-жылдарга Кызматташуу программасына, ошондой эле чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн участкалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Протоколго кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: