«Азыр бул жерде “МегаКомдун” гендиректору Акылбек Жамангуловго болуп жаткан кысымдар жөнүндө айтылды да… Эми ага болуп жаткан, башкалар тарабынан, бажалар тарабынан болуп жаткан кысымды баарыбыз эле көрбөдүкпү… “Балдарың жөнүндө ойлон, балдарың тууралу ойлон!” деп жатпайбы”, – деп билдирди бүгүн, 22-майда парламенттин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков.
“Эми ошого жол берип коюшубуз керекпи? Ал кечээги биздин кесиптешибиз, бүгүн мамлекеттик ишкананын жетекчиси. Анан ага ушундай кысымдар болуп жатса башкалар тарабынан, бажалар тарабынан биз башыбызды ылдый салып олтурганыбыз уят го дейм. Келгиле, Акылбек Жамангуловду чакырып алып сурайлы, кимдер коркутуп жатат, кимдер кысып жатат деп. Укук коргоо органдарын чакыралык, “анын коопсуздугун камсыз кылып бергиле” деген туура эмес болуп калат да. Мен ушундай сунуш киргизем”, – деди Рыскелди Момбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ