Menu

Видео – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Климаттык каржылоо боюнча борборду ишке берүүгө катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун ишке берүүгө катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, бүгүнкү күнү климаттын өзгөрүү маселеси глобалдык күн тартибинин кыйла маанилүү жана актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат.

«Биздин өлкө мындай глобалдык процесстерге активдүү катышуусу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүүсү зарыл. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча пилоттук программасына кошулуу демилгеси 2015-жылы колдоого алынган. Белгилей кетсем, биз Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын карманабыз жана биздин өлкө Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин даярдоого жана талкуулоого башынан бери активдүү катышып келет. Глобалдык деңгээлде «Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – 2030» жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж келишимине кошулуу жана интеграциялоо боюнча пландуу иштер жүрүүдө», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу боюнча күч-аракеттерди ишке ашыруу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн «климаттык» туруктуу инвестициялардын бир далай көлөмү талап кылынат.

«Жаңы инвестициялык долбоорлорду пландаштырууда климаттын өзгөрүү сценарийин жана мындай өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу зарылдыгын эске алуу керек. Өнүктүрүү максатындагы эл аралык жардам көрсөтүү республикадагы климаттык аракеттерди колдоонун маанилүү булагы болуп саналат. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө иштин чоң көлөмүн, ошондой эле институционалдык потенциалды күчтөндүрүү зарылдыгын эске алуу менен Өкмөт тарабынан Климаттык каржылоо боюнча борбор түзүлгөн. Ал өлкөдө климаттык каржылоо маселелерин координациялоо үчүн институционалдык механизм болуп саналат», – деди Премьер-министр.

Мындан тышкары Өкмөт башчы белгилегендей, көп иштерди аткарып, бул процесстин бардык катышуучуларынын – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, бизнес жана академиялык чөйрөлөрдүн аракеттерин бириктирүү керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев Климаттык инвестициялык банкка жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасына климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулукту жогорулатуу жаатындагы чараларды ишке ашыруудагы колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: