Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арада биргелешкен ыкчам топторду түзүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелери жергиликтүү тургундардын катышуусу менен кыргыз-өзбек чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди чече турган биргелешкен ыкчам топторду түзүүнү пландап жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, бул тууралуу эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин Наманганда өткөн жолугушуусу маалында сөз болду. Анда тараптар чек арадагы абалды жана андагы ыктымал коркунучтарды дагы талкуулашкан.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар былтыр эки өлкөнүн чек ара макемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушууларынын саны 21 пайызга, чек ара тилкелерин биргеликте көзөмөлдөө учурлары 20 пайызга көбөйгөнүн белгилешти. Жалпысынан өткөн жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулар бир топ азайган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Мурдараак Кыргызстандын Чек ара кызматы 2018-жылы өлкө чек араларында 11 жаңжал катталса, алардын жетиси кыргыз-тажик, ал эми төртөө кыргыз-өзбек чек арасына туура келгенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: