Menu

Казакстанда кудукка түшүп кеткен төрт коммуналдык кызматкер мерт болду

Бөлүшүү:

23-майда Нур-Султанда «Астана су арнасы» коммуналдык ишканасынын төрт кызматкери иш учурунда өлүмгө дуушар болду. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Комитет кабарлагандай, алты кызматкер канализациялык насос станциясын бузуп жатканда бирөө кудукка түшүп кеткен. Калгандары аны куткарууга аракет жасашкан, бирок төмөн түшкөндө эс-учтарын жоготушкан. Анын кесепетинен төрт киши каза тапты, бирөө ооруканага жеткирилди, анын абалы туруктуу.

Өзгчө кырдаалдар комитетинин башчысы Владимир Беккердин айтымында, жумушчулар кырсык маалдында респираторсуз иштеп жатышкан.

Окуя иликтенүүдө. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги атайын комиссия түздү.

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн үч метр суюктук толгон 10 метрлик резервуардан алып чыгышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: