Menu

Сагинбаева “сайрап” бергенге макул болду дейт

Бөлүшүү:

Ыйык Орозо айында кыргыз саясаты катуу кызыды. Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберген мурунку бийлик өз элинин бетине шалп этип эле түкүрүп салган эмес беле. Ошол кылыгы 6 жылдан бери ачыкталбай, жабылуу бойдон калып келген. Жаңы бийлик унутта калып келе жаткан кылмыш ишти жандандырып, Батукаев өлүп кала турган диагноз койгон дарыгерлерден баштап, вице-премьер-министрге чейин укурукка илип, четинен камай баштады. Эл дагы ушуну күтүп жүргөнү ырас. Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева дагы дал ушул иш боюнча камалган болчу. Кечээ аны сот үй камагына чыгарды. Сагинбаеванын үй камагына чыгарылганы боюнча Башкы прокуратура “Тергөө менен иштешүүгө макул болду” деп билдирүү таратты. Бул Сагинбаева баарын “сайрап” бергенге макул болду деген эле сөз да. Саламаттыкты сактоонун мурунку министри баарын ачык айтып берсе, Азизди кол булгалап узаткандардын тизмеси кыйла эле узарат го.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: