Menu

Абдрахманов менен Атамбаев соттошсо, Мусабекова кайсыл “шефине” болушат?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура КСДПнын чыныгы лидери мен болом, Адилет министри Абдрахмановду лидер катары каттап, мыйзамды бузду, анын мыйзамды бузган аракетине кылмыш ишин ачкыла деп кайрылган Атамбаевдин арызын каттаган болчу. КСДПнын мыйзамдуу лидери менмин, саясий кеңештин чечими менен съезд өтүп, жаңы лидер болуп мен шайланганмын деп көкүрөк кагып жаткан Абдрахманов мурунку лидери менен соттошуудан кайра тартпай турганын айтууда.

Анын колунда 2019-жылдын 4-мартында болуп өткөн саясий кеңештин чечими да бар экен. Кызыгы, ошол жыйынды өткөргөн КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында Атамбаевдин жакын досу болуп жүргөн Иса Өмүркулов жыйындын төрагасы болсо, Атамбаев депутат кылып алып келген Жылдыз Мусабекова жыйындын катчысы болуптур.

Жыйынга КСДПнын саясий кеңешинин 19 мүчөсү катышыптыр. Абдрахманов Атамбаев бизди сотко берсе жакшы болмок, мен ошол чечимдин түп нускасын көтөрүп барам деп жүрөт.

Атамбаевден кутулгусу келген саясий кеңештин 19 мүчөсү өткөргөн жыйындын чечиминде мындай деп жазылат (өзгөртүүсүз берилди):

РЕШЕНИЕ

Политического совета (далее – Политсовет) Политической партии “Социал-демократическая партия Кыргызстана” (далее-СДПК)

от 4 марта 2019г. г. Бишкек

Обсудив повестку дня Заседания Политсовета СДПК Политсовет СДПК

Решил:

1. Избрать Председателем заседания Политсовета Омуркулова Ису Шейшенкуловича.

Избрать секретарем заседания Политсовета Мусабекову Жылдыз Аманбековну;

2. Признать нелегитимным решение Политсовета Политической партии СДПК от 31 октября 2018 года и отменить решения Политсовета Политической партии СДПК от 9 августа 2017 года и 29 августа 2018 года, в части исключения из Политической партии СДПК С. Абдрахманова и К. Рыспаева;

3. Созвать 3 апреля 2019 года в городе Бишкек XVIII очередной Съезд Политической партии СДПК;

4. Создать организационный комитет (далее – Оргкомитет) по проведейия XVIII очередного Съезда Политической партии СДПК в количестве 5 человек. Назначить руководителем Оргкомитета по проведению XVIII очередного Съезда Политической партии СДПК Колбаева Турдаалы Жээнбековича и уполномочить его определить соаав Оргкомитета;

5. Определить общее количество делегатов на XVIII очередной Съезд Политической партии СДПК в количестве 300 человек и уполномочить Оргкомитет распределить квоты между территориальными организациями.

6. Поручить территориальным партийным организациям и партийной организации города Бишкек провели партийные конференции для избрания делегатов на XVIII очередной Съезд Политической партии СДПК.

Председатель заседания

Политсовета СДПК                                                                                                                                И. ОМУРКУЛОВ

 

Секратарь заседания

Политсовета СДПК                                                                                                                            Ж. МУСАБЕКОВА

 

 

Жыйындын төрагасы болгон Иса Өмүркуловдун дагы, жыйындын катчысы болгон Жылдыз Мусабекованын дагы кол тамгасы коюлган.

Партияны рейдерлик менен Жээнбековдор тартып алды деп жаткан Алмазбек Атамбаев бул чечимге эмне деп жооп айта алат? Саясий кеңешке 35 адам мүчө болгон болсо; анын 19 мүчөсү ушул чечимди колдоп, макулдугун берип, өз эрки менен кол коюп берип жатса, жыйын мыйзамдуу болуп эсептелеби же жокпу? Атамбаев жана анын жаңы командасы Иса Өмүркуловдон көңүлү калган болсо, ага ишенбесе, КСДП менен кошо Атамбаевдин башына кыйын кез түшүп турганда таламын талашып, ачуу чындыкты жазып келген Жылдыз Мусабекова соттук териштирүү боло турган болсо, чындык биз тарапта, баары мыйзамдуу болгон деп айтып берет эмеспи. Жыйындын катчысы болуп, кабыл алынган чечимге бажырайта кол коюп берип жатпайбы.

Партия талаш оюну бул чечим менен чектелип калбайт. Атамбаев колунан КСДПны мыйзамдуу түрдө тарттырып жибергени менен тынч олтурбайт. Соттон-сотко сүйрөйт. Рейдерлик басып алуу, оппонентке кысым көрсөтүү деп баалап, ай ааламга жар салат. Бийликти, Жээнбековдорду “ажыдаар”, “монстр” көрсөткөнгө жакшы шарт түзүлөт. Бул кадам ал үчүн упай алып келет. Бирок, шайлоого КСДП менен бара албайт. Абдрахмановду дагы КСДП менен чыгууга жол бербейт. Себеби, соттошуп, талашка түшүп жаткан саясий партия шайлоого катыша албайт. Атамбаев Башкы прокуратурага арыз жазып жатканы да ошондон. Ал шайлоого жаңы партия менен чыгат. Жаңы партияны азыртан даярдап олтурганын жакын санаалаштарына айтып олтурганы да жөн жерден эмес. Шайлоого өзү катышпастан, даярдаган командасын салганы жатканы да чындыкка жакын. Жаңыдан саясий кеңешке кирген адамдар убактылуу гана колдонулуп, жаңы партияга кирбей калышы толук мүмкүн. Атамбаевдин партиялык тактикасы азырынча толук ачыла элек.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: