Депутат Адыл Жунус уулу бүгүн, 5-июнда «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшүү иштерин сындады.
“Тилекке каршы биз азыр Тажикстан болбогондо Орто Азияда коронавирус жуктургандардын саны боюнча “чемпион” болуп жатабыз. Биз кичинекей мамлекетпиз. Бирок вирусту жуктургандардын саны 2 миңге жакындап калды. Бизде жакшы тартип болбой жатат. Тартипти биз темирдей сакташыбыз керек. Эгер вирусту жеңбесек, биз кышында дагы эки, үч ай үйдө камалып отурганга аргасыз болушубуз мүмкүн. Кытай бул ооруну кантип жеңди? Алар темирдей тартипти сактагандыгы үчүн жеңди. Ал эми бизде болсо адамдардын көбү коомдук транспорттордо, эл көп жерлерде беткап тагынбай жүрүшөт. Мен өзүм базарга барып адамдардан эмне үчүн беткап тагынбай жүргөндөрүн сурасам, кайра мени шылдыңдап коюшту. Биздин беткап тагынбагандарга айып салабыз дегенибиз кана? Андай кылбасак дагы аларга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Болбосо биз бул вирусту жеңе албай калабыз”,- деди депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ