Menu

КМЮА Керезбековдун менчигиби, ыя?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, укук тармагын тескеген комитеттин төрагасы Канат Керезбеков тууралуу узун сабак кептердин аягы тыйылбай келет. Баарын жазып олтурсак сөз көп болуп кетчүдөй, негиздүү бир критерийине токтололу. Биринчиси, Канат Керезбекович учурда ЖК депутаты болуп олтурганы менен бир учурда өзү жетектеп кеткен Юракадемиянын (КМЮАнын) «көмүскө» кожоюну экени белгилүү эле. Азыр да ал жерди өзү башкарып олтурганы жашыруун эмес. КМЮАда азыр дээрлик 95% пайыз кадрлар Керезбековдуку. Бирөө да кың дей албайт. Деп көрсүнчү? Канат мырза ректор болуп олтурганда, орноткон академиядагы «диктатурасы» азыр да «ийгиликтүү» иштеп жатат. Буга мисал катары бир сүртүмдү айта кетели, Канат Керезбеков өзү мандат алып кеткен соң, Юракадемияга Арстан Мамбеткулов деген жаш жигитти түздөн-түз макулдук берип ректор кылган эле. Анан Арстан мырза ректор катары Керезбековдун макулдугусуз 1-2 чечим чыгарган экен, жарым жылга жеткирбей аны “жыга чаап” башка ректорду шайлады. Мындай эмес десе Керезбеков келсин, далилдешели! «Менин Юракадемияга таптакыр тиешем жок, ректорлуктан кеткенден бери басып да бара элекмин» десе айтсын, ага да орун берели!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: