– Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидерлигин таштап, партиядан да чыгып кетти. Анын бул кадамга коркконунан, “кара башын ойлоп аргасыз жасады” дегендер бар. Ушундай пикирге кошуласызбы?
– Чынында экс-президент Алмазбек Атамбаев керт башын ойлоп, партиянын лидерлигинен кетиши аргасыз кадам болду. Эми тийиштүү органдар тарабынан кылмыш иши козголо турган болсо анда саясатка аралаша дагы албайт.
– Атамбаевдин мындан аркы тагдыры кандай болот?
– Мындан аркы кадамы КСДП партиясынан көз каранды болот. Алар кандай чечим чыгарышса, ошого жараша кадамга барат. Партиялаштары Атамбаевди “убактылуу кетти’’- деп жатышат. Саясат деген апийим сыяктуу болгондуктан, ага кирген киши оңойлук менен алыстай албайт, ошого саясаттан кетпейт. Бирок, ал кишинин саясатта болушу да өзүнө кооптуулук жаратат.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ