Menu

“Супер-Инфонун” негиздөөчүсү Кылычбек Султандын “Супер-Инфо” гезитинин тегерегиндеги ушактарга байланыштуу билдирүүсү

Бөлүшүү:

2002-жылдын 31-майында «Супер-Инфо» гезитинин эң алгачкы саны жарык көргөн. 17 жыл аралыгында «Супер-Инфо» эң көп нускалуу, эң популярдуу да гезит боло алды. Ийгиликтин артынан ийгилик жаратты, ар кандай кыйынчылыктарды, сыноолорду да басып өттү. 17 жылдык мааракени утурлай, ошондой эле акыркы күндөрү гезиттин тегерегинде күчөп кеткен талкууларга чекит коюу максатында гезиттин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан төмөндөгүдөй билдирүү жасайт.

«Супер-Инфо» гезити сатылган жок»
– Урматтуу окурмандар! Соңку күндөрү ар кандай кызыкдар тараптар «Супер-Инфого» байланыштуу ушактарды таркатуу менен алектенүүдө. Ал ушактар кээ бир саясатчылардын жана ЖМКлардын жеке кызыкчылыктарынан улам таркатылып жатканы мага даана билинип турат. Ушак таркатууга негизги аргумент катары «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесинин жаңы дарекке көчкөнү колдонулууда. Редакция өзүнүн 17 жылдык тарыхында онго чукул кеңсе алмаштырган жана бул мекеменин өсүү процессиндеги кадимки эле көрүнүш.

Так кесе айтсам, гезит сатылган жок. Андан да так айтсам, гезит менен Райым Матраимовдун байланышы жок жана болгон да эмес.

«Супер-Инфонун» «Эльдорадого» келип калышынын таржымалы»
– «Эльдорадо» бизнес-борборунун жетекчиси Канат Маматов экөөбүз бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. Тактап айтканда, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы, Коммунист көчөсү (кийинчерээк мен Ворошилов көчөсүнө, ал эми Канат Будённый көчөсүнө көчкөнбүз).
2008-жылдарга чейин экөөбүз бири-бирибизди жөн гана айылдаш, теңтуш катары билчүбүз. 2009-жылдан бери доспуз.

«Оппозициячыл Атамбаев жана бийликтин чабуулу Канат экөөбүздүн достугубузду бекемдеди»
– 2009-жылдан тарта Канат экөөбүздүн достук мамилебиз бекемделе баштады. Ошол кездерде оппозициялык КСДПнын, штабдын өкүлү катары Канат менен такай байланышта болуп, маалымат алмашып турдум. Ал кезде Канат оппозициянын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер болгон Алмаз Шаршеновичтин штабында иштечү. Ал эми «Супер-Инфонун» жетекчиси катары мен гезит беттеринде бийликке да, оппозицияга да орун бергенге аракет кылчумун.

«Супер-Инфонун» мындай калыстыгы бакиевдик бийликке жакпай, тымызын коркутуулар орун алып, мага «дубай-саламдар» жолдоно баштады. «Супер-Инфо» Өмүрбек Текебаевгекараштуу имараттан чыгып кетсин» деген да талаптар болду. Бийликтин оппозиция менен иштешпөө талаптарына моюн сунган жокмун.

2009-жылдын жай айларында, президенттик шайлоого аз калганда, мындай коркутуулар ачык эле формага өттү: алгач «Супер-Инфонун» кеңсесине бир нече жолу «ууру» кирип, документтерди, акчаларды сейфтен алып кетишти. Андан кийин машинамдын терезесин сындырып кетишти.

«Белгисиз» күчтөрдүн эң чоң соккусу үй-бүлөмө карата болду – түнкү 1:30дар чамасында балдарым жаткан бөлмөнүн жанынан катуу үн чыгып, чочуп ойгондук. 9 жана 11 жаштагы балдарымды ойготуп, 1-кабатка качып түштүк. Кошуналарды ойготуп, милиция келгенче үйдүн эшигин кайтарып турдум – үйдүн ичинде ким болсо да качып кетишпесин деген ой болгон. Бирок чакырган милициябыз ыкчам аракеттерди көрүүнүн ордуна менин документтеримди текшерип, ар кандай суроолорду берүү менен убакытты өткөрүп туруп алды. Акыры милиция менен чогуу 2-кабатка көтөрүлдүк. Баарыбызды чочуткан үн – бул полдо турган вентиляторду бирөө жерге чаап салыптыр. Милиция бөлмөлөрдү карап чыгып, “күмөндүү эч нерсе жок” деп кетип калды.

Алар кеткенден кийин үйдү бир сыйра карап чыктым – эч нерсе жоголбоптур. Бирок 2-кабаттагы терезенин ачылып калганын, терезенин жанынан, полдон бут кийимдин издерин көрдүм. Табылган издерди айтып милицияга кайра чалганыбызда алар келүүдөн баш тартышты.
Ошентип үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн оппозиция менен иштешүүнү токтотууга аргасыз болдум…

«Канат Маматовдун адамгерчилик сапаттарын жогору баалайм»
– Канаттын башка досторумдан айырмачылыгы – анын өзгөчө адамдык сапаттары. Колунан келсе жардамын берет, бирок эч качан менин жеке чек арама, жеке иштериме кийлигишпейт. Ортодо болгон сөздөр дайыма ортодо калат. Менде дагы ошондой сапаттар бар – досторумдун, тааныштарымдын иштерине, бизнесине кийлигишкенди, жеке чек арасын бузганды жактырбайм. Купуя сөздөрдү сыртка чыгарбайм.

«Туугандан артык дос»
– 2018-жылы өзүмдүн адилетсиздикке чыдап тура албаган, өжөрлүк сапаттарыма байланыштуу бийликтин каарына калдым. Көпчүлүк мекендештердей эле мен дагы Сооронбай Жээнбековдун акыйкатсыздыкка каршы чогуу күрөшүү тууралуу байма-бай кайрылууларына ишенген элем… Тилекке каршы, менин түшүнүгүмдө Сооронбай Жээнбеков айткан сөзү менен иши дал келбеген жетекчи катары калыптанып калды.

Өзүм мамлекеттик кызматкер болгонума карабастан бийликтеги адилетсиздиктерге чыдап отура албадым, айтып чыктым. Адилетсиздикке каршы бул күрөшүм тескери жыйынтык берип, акыр-аягында бийлик машинасы мени «мокочо» көрсөтүү аракетине өттү. Эң өкүнүчтүүсү, бийликтин каарына калган кезден тарта достордун катары сууп, жадакалса анча-мынча туугандар да «залакасы тийип калбасын» дегенсип менден оолак болууга аракет кылып калышты. Ошентип, эки жүздүү, көп жүздүү саясатчылардын да нукура жүздөрүн көрө баштадым. Ошол эле учурда, байланышым жок же таптакыр бейтааныш болгон адамдар астейдил жылуу сөздөрүн айтып, колдоого алышты.

Жыл бою мени менен байланышын үзбөгөн бирин-экин достордун бири Канат Маматов болду. Телефон чалгандан, СМС жазгандан, чогуу чай ичкенден чочулабады. Чын дилинен моралдык колдоо көрсөтүп, тыңчыдан айырмасы жок кээ бир «достордой» болуп жеке чек арамдан өтпөдү. Мен үчүн кыйын кезде анын чын дилден мага күйгөнүнө, ичинде кири жок адамдык сапатына мурдагыдан эселеп ыраазы болдум.

«Мекенге кайтуу»
– Чет өлкөдө жүргөн кезимде мага карата «бийлик ар кандай провокацияларды уюштурушу мүмкүн» деген, өч алуу, каралоо аракеттери тууралуу, керек болсо камап коёру тууралуу билдирүүлөр келип жатты.
2018-жылдын ноябрь айында, кызматтан бошогонумдан 1 ай өткөндөн кийин тобокелчиликке салып Бишкекке кайтууну чечтим. Үй-бүлөм менен коштошуп, 2 жашар кызымды экинчи көрбөчүдөй жыттап-өөп, жолго чыктым. Учак Бишкекке келип конгондо коркунуч сезимдердин баары заматта жок болуп, тескерисинче, жан дүйнөмдү кубаныч жана эргүү аралап, баарына кайыл болгон сезимге курчалып калдым. Көтөрүңкү маанай менен чек арага келип паспортумду тапшырдым. Чек арачынын «мекениңизге кош келиңиз» деген саламдашуусу жана эч кандай тоскоолдуксуз Бишкекке өтүп келишим Сооронбай Жээнбековго болгон кескин терс пикиримди бир аз да болсо жибитти. Сооронбай Жээнбеков мен күбө болгон адилетсиздикке чекит коёр деген үмүт кайра жанды…

Бишкекте бийликтин провокациясына өзүмдү моралдык жактан даяр алып жүрдүм. Провокациянын эч кандай белгилери байкалган жок. Жаңы 2019-жылды үй-бүлөм менен чогуу тосуу максатында кайрадан Малайзияга бет алдым. Бийликтин алгачкы «сюрпризи» Бишкектин “Манас” аэропортундагы чек арада орун алды. Мени таанып, жылуу учурашып жаткан чек арачы паспортумду компьютеринен текшере баштаганда өңү заматта өзгөрүп, өзүн оңтойсуз сезип баштады. «Кара тизмеге» киргизилгенимди түшүндүм.
Начальнигине, дагы бир жактарга чала баштады… Паспортумду бир жакка алып кетишти. Бир топтон кийин чек арадан өтүүгө уруксат берилди.

Жаңы жылды үй-бүлөмдүн курчоосунда Малайзияда тостук. 2-3 аптадан кийин кайрадан Бишкекке кетер убакыт келди. Баягыдай эле кооптонуу… Баягыдай эле үй-бүлөм менен коштошуу. Кызымдын жытын терең-терең искеп жолго чыктым.

Бишкекке келгенде эми чек арадан кирүү маселе жаратты. Паспортту көпкө чейин текшермей, бир жактарга телефон чалмай… Жооп күтмөй… Элдин аягына калтырып, бир нече мүнөттөн кийин акыры мекениме кирүүгө уруксат беришти.

Бишкекте үй-бүлөмдү алып келүүгө даярдыктарды көрө баштадым. Кантсе да 5 жылга жакын чет өлкөдө жүрүп калбадыкпы?

Даярдыктарды көрүп бүтүп, эми үй-бүлөмдү биротоло алып келүү үчүн Малайзияга жөнөдүм. Аэропорттон кайра эле баягы маселе… Албетте, бул чектөөлөр жагымсыз, бирок бир нече мүнөттөн кийин чек арадан өтүүгө уруксат берилди.

«СУПЕР-Инфого» чабуул»
– Малайзияда буюм-тайымдарыбызды чогултуп, Бишкекке көчүп кетүүгө камданып жаткан кезде Бишкектен телефон чалышты. «Супер-Инфого» чабуул башталыптыр… Үй-бүлөбүз менен мекенибизге кайтып келебиз деген тилегибиз таш капты. Өзүм жалгыз шашылыш Бишкекке учуп келдим. Көнүмүш тоскоолдуктар менен чек арадан өтүп, «Супер-Инфого»келдим. Финполдун суу кечпеген дооматтары менен таанышып чыккандан кийин бул жогору жактын буюртмасы же кайсы бир аткаминердин жогору жакка жагынуу аракети экенин түшүндүм. Текебаевди коргогон белгилүү юрист Таалайгүл Токтакунованын жардамы менен «Супер-Инфо» соттон утуп чыкты. Чынын айтканда, Кыргыз сотунун адилет чечими күтүүсүз болду. Сотторду тескеген Сооронбай Жээнбековго ичимден ырахмат айттым. «Сөз эркиндиги», «адилеттүүлүк» деген саясатчылардын, ЖМКлардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык активисттердин «армиясынан» 10 чакты гана адам жактап, колдоп келди…

Соккулар ушуну менен аяктады деген үмүт менен чек арадагы көнүмүш тоскоолдуктардан өтүп, апрелдин башында акыры үй-бүлөмдү Бишкекке алып келдим. Бишкекке келерибиз менен кайра эле жагымсыз жаңылык уктум. Уйгактай жабышкан Финпол шаардык сотко кайрылыптыр… Бул ирет эки жүздүү саясатчылардын, интернетте саны миң, чындыкта саны 10го жетпеген колдоочулардын тынчын албадык – болору болот, бийликтин курмандыгы болуп жаткан биз биринчи эмеспиз, акыркысы да эмеспиз деген чечимге келдик. Коллективге да айткан жокпуз.

Кайрадан сот, кайрадан жеңиш «Супер-Инфо» тарапта. Бул ирет сот «чечим өзгөртүүгө жана даттанууга жатпайт» деп чекит койду. «Супер-Инфонун» атынан сотко келгендердин кубанычында чек жок. Адвокат Таалайгүл Токтакуновага, чечим чыгарган сотко алкыштарды жаадырып жаттык. Жадакалса Сооронбай Жээнбековго ичимден ырахмат айттым…

Кубаныч көпкө узаган жок. Финпол башка жагдайлар менен деп шылтоолоп кайрадан иш козгоптур. «Супер-Инфо» кайрадан райондук сотко кайрылды. Кайрадан Таалайгүл Токтакунова, кайрадан жеңиш… Коллектив жана коомчулуктун бул окуялар тууралуу дагы деле кабары жок.

«Чарчоо, көңүл калуу…»
– Үй-бүлөм менен Бишкекке келип, батирде жашап калдык. Анткени 2014-жылы үй-бүлөм менен жашаган үйүбүздү SUPER.KG компаниясына кеңсе катары тапшырып кеткен элек. Эми болсо SUPER.KG кайрадан мурдагы кеңсесине, Текебаевге караштуу имаратка көчөйүн десе ал жак бош эмес экен. Арга жок, шашылыш түрдө башка кеңсе издей башташты. Бирөөнүн шарты туура келбейт, бирөөнүн акчасы туура келбейт…

Бир нече жыл мурда «Супер-Инфого» өнөктөш киргизсек деген ой болгон эле. Бирок бийлик тескери көз менен карап турганда, жаңы өнөктөш эмес, эски досторуңду табуу кыйын экенин билгендер билет.
Ошентип үй, кеңсе маселелери чечилбей 1 айча бирин-бири күтүп калды, ал эми менин мээмде ушул маселелер чечилсе, эс алсам деген ой түптөлө баштады. Бирок кайдагы эс алуу?! Финпол кайрадан шаардык сотко арыз бериптир…

«Жаңы кеңсе, жаңыча иштөө»
– Бир күнү «Супер-Инфонун» жетекчилиги «досуңуз Канат байкенин имаратынан кеңселер берилип жатыптыр, сүйлөшүп бербейсизби» деп кайрылып калышты. Канатка жолугуп, 2 компания кенен бата тургандай кеңсе керек деп сурадым. Канаттын баш тартпасын билсем дагы, бирөөдөн жакшылык үмүттөнбөй калган элем. Сөз жок, ыңгайлуу баада ыңгайлуу шартта кеңсе таап берүүнү убада кылды. Толкунданып кетип дароо өнөктөш болууну сунуштадым. Эч кандай шарттарын да айтпадым, ал да сураган жок. Болгону 1 күн ойлонууга убакыт сурады.

Эртеси жолуктук. Шыр эле өнөктөш болууга макул экенин айтты. Бирок бир суроо ойлондуруп жатат деди. Оюмда канча акча кошушум керек деп сурайт деп кабатырлана түштүм, себеби мынча акча сурайм деген эсеп-кысабым да жок эле. Бирок суроо гезиттин саясаты тууралуу болду. «Сен оппозициялык көз карашта болсоң, а менин көз карашым бийликке жакыныраак болсо, анда компаниялардын иши кандай болот?» деди.

Мурда өзүмө мындай суроо бербесем да, жообум дапдаяр экен. «Мен чарчап жүрөм. Өзүң иштете бер. Мен эс алып, анан Жогорку Кеңешке шайлоого даярданам. Менин оппозициялык саясатым башка, ал эми редакция саясаты башка. Эң негизгиси, «Супер-Инфонун» да, SUPER.KG`нин да өсүү потенциалын колдонуп, өркүндөтө берсең болду» дедим.

Компанияны каалаган адамга каттатып алып иш жүргүзө берүүсүн сурандым. Шайлоолор аяктагандан кийин компаниялардын кийинки тагдырын чечишип аларыбызды айттым. Канат өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу «мага катталса туура эмес болуп калат. Коллектив өз алдынча иштей берсе болбойбу? А мен колдон келген жардамымды берип турам» деген жообун айтты.

Бийликтин аракеттеринен кооптонуу жогору болгондуктан, компаниянын жетекчилери менен бирдикте компанияларды өзүбүзгө тиешеси жок адамдарга каттата туруу чечими жаралды. Ошол каттоо аракетин көрүп баштаган кезде Бишкек шаардык сотунда ишибиз каралды.

Кайрадан Таалайгүл Токтакунова, кайрадан окуядан кабары жок коллектив менен коомчулук, кайрадан Бишкек шаардык сотунда «чечим даттанууга жатпайт» деген «Супер-Инфонун» жеңиши…

Ошол эле учурда компанияны башка бирөөлөргө формалдуу түрдө каттоо процесси аяктап калган кез эле. Бул жеңиштен кийин компанияларды сырттан бирөөлөргө каттоонун актуалдуулугу жоголуп, алар кайрадан коллектив жетекчилерине каттатылды.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул каттатуу жана кайра каттатуу аракеттерибиз мыйзам бузуу үчүн эмес, тескерисинче, мыйзам бузуулардан коргонуу үчүн жасалган аргасыздык эле.
Ошентип компаниялардын келечеги аныкталып, сот процесстери аяктап, компаниялар үчүн мындан аркы жоопкерчиликти жетекчилерге тапшырып, үй-бүлөм менен эс алууга камданып жаткан кезим. Буюрса, мындан ары коллектив редакциялык саясатын өз алдынча жүргүзөт. Ал эми мен эс алуудан кийин сиздер менен чоң саясаттан көрүшөм деген үмүттөмүн.

Келе жаткан Айтыңыздар маарек болсун!

Булак: “Супер-Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: