Menu

Түркмөнстанда камактагы 764 адам эркиндикке чыгат

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон жарлыкка ылайык, Рамазан айында камактагы 764 адам эркиндикке чыгарылат.

Өлкөнүн мамлекеттик басылмалары кабарлагандай, өкмөттүн 29-майдагы жыйынында мунапыс тууралуу жарлыкка кол койгон мамлекет башчы тиешелүү мекеме жетекчилерине кайрылып, ырайым алган адамдардын өз убагында чыгып, үйлөрүнө баруусун камсыздоону жана аларды жумушка орноштурууну тапшырган.

«Адамдарга мунапыс берүү менен биз аларга кылган ишине өкүнүп, жаңы жашоо баштап, ак эмгеги менен күнөөсүн актап, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуусуна мүмкүндүк берип жатабыз», — деген анда президент.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен калктын жан башына эсептегенде камактагылардын саны эң көп саналган Түркмөнстанда бийликке Гурбангулы Бердымухамедов келгенден бери (2006-жыл) майрамдарга карата мунапыс жарыялоо салтка айланып калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: