Menu

Жазгүл Турдуева, бейтап: “Врачтар мени 14 жыл туура эмес дарылашыптыр. Жаштыгым ый, керексиз дарылар менен өттү”

Бөлүшүү:

“Бардыгы 24 жашымда башталды”

– Менин жерлигим Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы. 39 жаштамын. Кесибим – башталгыч класстардын мугалими. Баары 2004-жылы башталды. Ал кезде 24 жашта болчумун. Ата-энем менен жашап, мектепте мугалим болуп иштеп жүргөм. Апрель айында тырмактарым бузулуп, сынып баштады. Каным азайып кеткен го деп шекшип, райондук бейтапканага барсам текшерип көрүшүп, Ош облустук оорукананын гематология бөлүмүнө баруумду айтышты. Аталган бөлүмгө барсам, анализ тапшырганда 1 литр канда гемоглобиндин саны 32 деп чыкты. Анемия деген диагноз коюшуп, дарыланууга жаткырышты. 4-5 күндөн кийин дарылаган врачым Ибадат Сулайманова “негедир териң саргайып жатат. Бейтапканага барып анализ тапшырып кел” дейт. Барып тапшырсам, “гепатиттин Б түрү” деген диагноз коюп беришти. Жыйынтыкты алып келсем Ибадат эже “сеники гепатиттин Б эмес, С түрү. Көк бооруң да чоңоюптур” деген. Бирок “көк боорду дарылоо керек” деп айткан жок.

Ибадат эжеге апам кирип сүйлөшсө ага “кызыңыз айыкпай турган оору менен ооруп калыптыр” деп айтып чөп дарыларды сунуштаптыр. Апам полиартрит дарты менен жабыркагандыктан өз алдынча көп кыймылдай албайт жана ошол кезде анын дарыларына да акча керек болчу. Андыктан врачтын чөп дарыларын алган жокпуз, үйгө кетип калдык. Ооруканадан чыгып жатканда бюллетенге “диагнозу гепатиттин С түрү” деп жазып берди.

2006-жылы Жаңы жылда оң да, сол да каптальш ооруп, ичим каткандан 12 күн дааратканага бара албай калдым. Денем саргайып кетти. Кайра гематология бөлүмүнө барсам орун жок экен. Кара-Суу районунун борборундагы оорукананын терапия бөлүмүнө жаттым. Ал жерде курсагым шишип баштады. Врачтар рентгенге тарттырып көрүшүп, “өпкөңдө суу бар экен, ошону сордуруу керек” дешип мени Ош шаарындагы кургак учук диспансерине жиберишти. Ал жерден да рентгенге тартышып, “өпкөңдө суу жок, кардиологго көрүнүшүң керек” дешти. Барсам, кардиолог врач менин диагноз жазылган кагаздарымды жанындагы врачтарга көрсөтүп “бул кызды эми эмне кылып дарылайбыз? Эмне дарыларды берсек болот?” деп айтты. Ал врачтын дарылап айыктырарынан шекшип кагаздарымды алып чыгып кеттим. Ошол күнү телевизордон Ош облустук балдар ооруканасында гепатология бөлүмүнүн ачылганы тууралуу берүүнү көрүп калдык. Эртеси ошого бардык. Барсак, жетекчиси Чолпон Токоновна “бул балдарды гана дарылоочу бөлүм” деп койду. Сурандык эле, жаткызып дарылоого макул болду. Ал жерден кан анализимди Бишкекке жиберишти, жыйынтыгы циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү деп келди. 10 күн дарыландым. Келгенден кийин 5-6 күндөн кийин кайра ичим, бети-башым шишип кетти. Эми кайда барып дарыланмак элем деп үйдө үч жарым ай жатып, жакшыраак болуп калганымда ишке чыгып кеттим.

“Врачтар тез арада бооруңду алмаштыруу керек дешти”

– 2009-жылы турмушка чыктым. Жашаганыма 1 ай болгондо кайрадан шишип, 3 күн заарам чыкпай калды. Гематология борборуна барып, дары жаздырып, Отуз-Адыр айылындагы ооруканада жатып дарыландым. Ал жерден ампициллин, метрид деген дарыларды гана беришти. Чыгарымда диагнозумду “циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү” деп жазышты. Ооруканадан чыккандан кийин күйөөмө оорум тууралуу айтып, “багыңды байлабайын, башкага баш кошуп жашай бер” деп ажыраштым. Менде андан башка айла жок эле. Айылдагылар “тигинин кызы күйөөсү менен жашай албай келип калыптыр, кетирип жибериптир” деп ушак кылышты. Булардан улам аябай чүнчүп кеттим.

2010-жылдын 14-ноябрына чейин мектепте иштедим да, анан бөлөм менен Иркутск шаарына кетип калдым. 2,5 жыл жүрүп кайра айылга келдим. 2016-жылы ооруп текшерилсем гемоглобинимдин саны 25 болуп чыкты. Гастроэнтерология бөлүмүнө барсам жаткырып, 10 күн дарылашты. Врачтар “диагнозуң циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү” деп айтышып, гепатиттин вирусун өлтүрүучү дары-дармектерди беришти. Табылбаган дарыларды Кытайдан, Орусиядан буюртма менен алдырып жаттым. Ошентип 2018-жылга чейин ооруган сайын гастроэнтерология бөлүмүндө жатып дарыланып жүрдүм.

2018-жылдын октябрында башым чыдатпай катуу оорутуп, 1 күндө 2 иреттен эстен танып баштадым. “Тез жардам” келип эсиме келтирип ийне сайып кетет, кайра эле эстен танам. Акыры Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Врачтар үйдөгүлөргө “кызыңардын диагнозу боордун циррозу. Тез арада боорун алмаштырыш керек, акча таап Индияга алып баргыла” деди. Атам ошол кезде бутун 2 жеринен сындырып алып, темир салдырып жургөн эле, врачтардын айтканын угуп “байкуш кызымды оору чырмады да калды. Айыгып кетер күнү болор бекен?” деп аябай ыйлады.

“Индияга барбасам өлүп калмак экенмин”

– Кайрымдуулук фонддордун бири менен байланышсак, алар элден акча чогултуп бермек болушту. Ошентип чогулган акчаны алып, 2019-жылы 17-январда Индияга учтук. Сиңдим мага боорунун жарымын бермек болду. Бизди карап-багууга деп атамдын инисинин келинин алып алдык. Индиянын Нью-Дели шаарындагы атактуу клиникага барып, хирург-трансплантологго жолуктук. Клиникада мени 2 күн бою анализ тапшыртып, компьютердик резонанстык томографиядан өткөрүштү. Гинеколог, уролог, окулист, деги койчу бардык врачтардын текшерүүсүнөн өттүм. Онкологдор жүлүндөн суу сордуруп да текшеришти. Анализдердин жыйынтыгы чыккан соң хирург “сенде цирроз да, гепатит да жок. Сенин көк бооруң ооруга чалдыккан. Ошону алып салсак эле айыгасың” деди. Аны угуп алып же күлө албайм, же ыйлай албайм. 14 жыл врачтардын катасынан тарткан азабымды, комага чейин түшкөн абалымды ойлоп ушундай ызаландым. Ал хирург “болгону көк бооруңду азыр ала албайбыз. Биз дарыларды жазып беребиз, ошолорду ичип, 6 айдан кийин келесиң” деди. Мен “6 ай ичинде дагы эмнелер болуп кетерин ким билет? Анча күтө албайм. Көк боорумду алып салыңыз” дедим.

Ал болгон жок. Ошондо котормочу бизге “мындан башка дагы мыкты клиника бар” деди. Ал клиникага эртеси бармак болдук.

Мейманканага келгенде жанымдагыларга “азыр чатырга чыгып бакырып ыйлап келбесем жарылып кетем ” дедим да, чатырга чыгып, ушундай бир токтолбой ыйладым дейсиз! Ыйлап жатып “Кыргызстанда врачтар мени 14 жыл бою дарылап айыктырбай эле, ажалдын чеңгээлине салып беришиптир. Адамдын өмүрүнө ушундай кош көңүл карашат тура. Индияга келбесем өлүп калмак экенмин” деп ойлодум.

Котормочу эртеси ошол эле шаардагы башка клиникага алып барып, анын директоруна жолуктурду. Ал гепатолог экен. Мен ага көк боорумду алдырмайынча кетпейм дедим. Ал операцияны 14-февралга дайындады. Ошентип операция жасалды. Жакшы болуп қалганымда боорумдун тканынан үзүп алышып (биопсия) текшеришти. Жыйынтыгы “цирроз, гепатит оорусу жок” деп чыкты. Бирок профессор
“бооруң жабыркаган эмес деп айта албайм, кайсы бир деңгээлде жабыркаган” деди. Мен андан эмнеден жабыркаган деп сурай алган жокмун. Өзүмчө врачтар гепатит дешип, күчтүү дарыларды бергенден жабыркаган го деп жыйынтык чыгардым. Бир жарым ай профессордун көзөмөлүндө болуп, дарыларды ичип турдум.

Мени эмдигиче “Кыргызстанда эмнеге мага көк боор чоңойгон дешти да, аны дарылашкан жок? Эмнеге көк боорду алуу керек деп эч ким айткан жок?” деген суроолор жеп келет. Өлкөбүздө лабораториялар эскирген окшойт, так диагнозумду эч жерден чыгара алышкан жок. Врачтардын да билим деңгээлин көтөрүш керек окшойт деп калдым.

Врачтарды сотко берген күнү деле утуп чыгарыма көзүм жетпейт. Анткени менин оору тарыхым 2004-жылдан башталат. Мен эмес, ымыркайларга ВИЧ-вирусун жугузган врачтар деле жазадан кутулуп кетишкен.

Жазгүл Турдуеванын баянынан соң 2004-жылы аны дарылаган врач-гематолог Ибадат Сулайманова менен байланышсак, -ал буларды айтып берди:

– Жазгүл Турдуева бизге 2004-жылы анемия диагнозу менен түшүп, дарыланган. Текшерүүнүн жыйынтыгында көк боору чоңойгону билинген. Көк боор чоңойгондо биз сөзсүз түрдө гепатиттин вирустуу жана вирустуу эмес түрлөрүнө текшертебиз. Анализи лабораториядан “гепатиттин С түрү” деп чыккан. Ал анализди биз инфекционист врачтарга көрсөтсөк, алар да “гепатиттин С түрү” деп диагноз коюшкан. Бизде, гематология борборунда гепатитти дарылабайбыз, андыктан инфекциялык ооруканадан дарылануу керектигин айтканбыз. Бизден Жазгүлдүн гемөглобининин деңгээли көтөрүлүп чыккан. Кийин Жазгүл Ош облустук балдар ооруканасында гепатология бөлүмүнө барып, Чолпон Токоновна деген врачтан дарыланган экен.

Булак: “Супер-Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: