Menu

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: “Батукаевди бошотууда 20 миллион пара алынган… Атамбаев камалышы керек”

Бөлүшүү:

— Бактыбек мырза, Шамил Атахановдун кармалышы Батукаевге байланыштуу иштин жүрүшүнө кандай таасир этет?

— Эртедир-кечтир, маселе ачыкка чыгышы керек. Кылым аферасы болуп жатканын ошол учурда биринчи болуп айтканбыз. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, жети пункттан турган токтом кабыл алынган. Бирок ал токтом аткарылбай келген. Себеби, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, уюшуп алып ушул ишти жасаган. Токтомдо 28 кишинин аты-жөнү так жазылып, аларга юридикалык баа берилип, жоопкерчиликке тартылышы керек экендиги белгиленген. Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин токтомунун бир пункту ишке ашпай, жабылуу бойдон калып кеткен.

— «Атамбаев баш болуп уюшуп алып, ушул ишти жасаганын» ишенимдүү айтып жатасыз, буга конкреттүү негиз барбы?

— Биринчиден, Атамбаев президент болуп турганда бийликти узурпациялап, бир колго чогултуп алганын өзү эле билбей калбаса, башкаларга белгилүү болчу. Экинчиден, Батукаев түрмөдөн чыгып кетүүгө 2013-жылы эле аракет кылган жок. Акаевдин да, Бакиевдин да, Убактылуу өкмөттүн да, Отунбаеванын да тушунда да далалат кылган. Анын ой-тилеги Атамбаев бийликте турган кезде ишке ашып жатпайбы. Мындай иштер бийликтин төбөсүндө турган адамдын буйругу болбосо карыш жылмак эмес. Президентке түздөн-түз баш ийген Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери буга жооптуу. Эгер президент менен акылдашылбаса, азыр камалып жаткан дарыгерлер, Динара Сагынбаева, Шамил Атаханов өңдүү кишилер Батукаев чыгып кеткенден кийин бир жума ичинде эле жоопко тартылмак.

— Бул ишке байланышы бар деп кармалган, шек саналган дарыгерлер сиз айткан ошол 28 кишинин тизмесинде бар беле?

— Бар. Маселе эмнеден улам дарыгерлерден башталып жатат? Себеби, Батукаевдин чыгып кетишине негиз берген документ – анын ооруганын тастыктаган жасалма кагаз болчу. Депутаттык комиссия аны аныктаган. Эми дарыгерди кармады, дарыгер Сагынбаева буйрук бергенин айтты, ушинтип акырындап бири-бирин сатып отуруп, негизги буйрук берген кишинин аты аталат. Ал күн деле алыс эмес.

— Алдыда дагы кимдер кармалып, темир тор артына түшүшү мүмкүн?

— Токтомдогу 28 адамдын баары жоопко тартылууга тийиш. УКМКнын, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчылары — баары жооп бериши керек. Батукаевди чыгарууга колдонулган 363-берене андай ишке жарамак эмес. Анын үчүнчү пунктунда «ушул беренени колдонордо кылган кылмышынын даражасын караш керек» деп турат. Батукаев тоок уурдап камалган эмес. «Мыйзамдагы ууру», чоң кылмыштар үчүн темир тор артына түшкөн.

Ошол берене менен кантип аны чыгарып салышканына азыркыга чейин башым жетпейт. Ал кездеги башкы прокурор Салянованын аракетсиздигинин айынан ушундай болду. Коррупцияга каршы кызмат деле буга көз жумган. Себеби, жогору жактын буйругу бар болчу. Текебаевди «миллион доллар алды» деп бир орус жаранынын айтканы менен эле камап салышты. Батукаевдин ишине кимдер жооптуу экенин бир эмес, миңдеген адамдар айтып жатпайбы. Эгер Атамбаев жоопкерчиликке тартылбай калса, азыркы президенттин чечкинсиздиги, коркоктугу болот. Сөзсүз түрдө камалышы керек!

— Бул иште акча да роль ойногону айтылып жүрөт. Сизде кандай маалымат бар?

— Туура, ошол учурда комиссияда да 20 миллион доллар жөнүндө сөз болуп, анын 10 миллиону жасалма чыгып калганы айтылган.

— Акча маселесиндеги бул ойлоруңуз конкреттүүбү же күмөнүңүз барбы?

— Ал кезде менде күмөн санатканга бир себеп бар эле. Батукаевди узатканы Нарынга барган жана Нарындан аэропортко келген кортеждин арасында чакан насыя компаниясынын машинеси кошо жүргөн. Анын кандай тиешеси бар? (Редакциядан: Калмаматов чакан насыя компаниясынын атын «Азаттыкка» атады. Тактоо маселесинен улам ачык жазган жокпуз). Менде инкассатор акча ташып жүргөн деген шек бар, аны иликтеш керек. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да миллиондогон доллар жөнүндө сөз жүргөн. Бирок ал Атамбаевдин тушунда ишке ашып кетпедиби. Буга толгон-токой далилдер бар. Прокуратуранын экинчи ирет судмедэкспертиза кылбаганы, соттун, аткаминерлердин баары чогулуп барып камакка барып чечим чыгарып бергени коррупциялык схема экенин айгинелеп турбайбы.

 

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: