Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды тыкыр текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды дыкат текшерүүнү тапшырды.
Премьер-министр ошондой эле эске салгандай, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү жана коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ