Menu

Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Азыр ырчы болуш абдан эле жеңил болуп калды”

Бөлүшүү:

– Интернеттин өнүгүшү ырчылардын көбөйүшүнө шарт түздүбү?

– Азыр ырчы болуш абдан эле жеңил болуп калды. Ырчы болууну кыялданган ар бир адам ырдап чыгып ырчы болсо болот. Анткени интернет абдан өнүгүп жаткандыктан, ырчылар үчүн абдан жакшы шарттар түзүлдү. Ырларды жаздырып, интернет аркылуу эле элге жеткирип алсаң болот. Радио, телеге берем деп мурдагыдай шаар кыдырып Оштон Бишкекке келбейсиң. Интернет аркылуу эле ырыңды салып жиберсең болот. Бирок ырчылар көп болгону менен эл баалап уккан ырчылар аз. Элдин ырчысы болуш азыр деле кыйын. Ал үчүн жакшы ырларды, элге сиңе турган чыгармаларды аткарыш керек деп ойлойм.

– Өзүң социалдык тармактын активдүү колдонуучуларынын катарын толуктайсыңбы?

– Мен башкалар сыяктуу социалдык тармактарга сүрөттөрүмдү, ырдаган ырларымды, барган тойлорумду, катышкан концерттеримди жүктөй бербейм. Айрым гана учурларда сүрөт жүктөп, ырларымды чыгарып койбосом, баскан-турганымдын баарын элге жар сала бербейм. Негизи эле андай нерсеге жок экем. Мурда «Фейсбук» баракчама көп сүрөт жүктөп, активдүү колдонуучу болчумун. Азыр ал баракчама такыр кирбей калдым. Көбүнчө «Инстаграмдагы» баракчам аркылуу жаңылыктарымды бөлүшүп турам.

– Азыр жаштар тарабынан китепканаларды кайра калыбына келтирүү максатында «Бир адамдан бир китеп» деген акция кызуу жүрүүдө, ушул акцияга катыштыңбы?

– Ооба, азыр жаштар мектептеги китепканаларды кайра калыбына кетирип, жаштарды китеп окууга кызыктырып жатканына өзүм да күбө болуп жатам. Чынын айтсам, азырынча ал акцияга катыша элекмин. Жаз айында өзүм окуюн деп китептерди сатып алгам. Аларды толук окуп чыга элекмин. Бирок буюрса, күз айында жакшы китептерди сатып алып, мектептеги китепканага белек кылсамбы деген тилегим бар.

– Жаңы чыгып жатканда чыгармачылыкта ийгиликке жетишүү үчүн Бишкекке көчүп келем го дедиң эле, ал оюң ишке ашпай калдыбы?

– Ооба, башында ошондой ойдо болчумун. Ал кезде азыркыдай интернет өнүгө элек кез болчу. Интервьюларга, радио-телеге сөзсүз барып маек берчүбүз. Кандай гана съемка болбосун катышууга, чакырууларга барганга аракет кылчумун. Анан да бүт Кыргызстан көргөн телевидениелер, радио-гезиттер борбордо болгондуктан Бишкекке келсемби дегем, бирок кийинчерээк ал оюмдан кайттым. Себеби Ошто жүрүп деле чыгармачылыкта ийгиликке жетсе болот экенине көзүм жетти. Азыр өкүнбөйм. Кудайга шүгүр, бардык ойлорум ишке ашып, максаттарыма жетип жатам.

– Чыгармачылык деп жүрүп жеке жашооңду унутта калтырган жоксуңбу?

– Жеке жашоом менен чыгармачылыгымды аралаштыргым келбейт. Жеке жашоо өз нугу, чыгармачылык өз жолу менен кеткени жакшы дейм. “Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, буюрса бул жашоодо өз теңимди табаарыма ишенем. Болгону сааты чыкпай, учуру келбей жатса керек деп ойлойм. Чынында кыздар бүгүн-эртең турмушка чыгам деп айта албайт экенбиз. Баары буйруктан. Кудай кайсы күнү турмуш жолуна аттанууну буюрса, ошол күнү турумуш жолуна аттанып, ак жоолук салынам деген аруу тилектемин.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: