Menu

Видео – Жанар Акаев: “Элге $700 млн бир үй-бүлөнүн, жалгыз Матраимовдун акчасы деген сөз кетти, коомчулукка тез, туура маалымат бериш керек”

Бөлүшүү:

“Эки күн мурда “Азаттык” Кыргызстандан 700 млн доллар чыгып кеткендиги боюнча иликтөө жарыялады, Финполдун башчысы сиз жооп берип койсоңуз, ушул $700 млн акчанын чыгып кетиши боюнча финполиция эмне жумуш кылды жана бул акчалар кимдин акчасы? Кайдан келген, эмне болгон акча? Силер ушуну кызыгып сурап жатасыңарбы? Коомчулукта азыр бул акча бир үй-бүлөнүн акчасы, тагыраак айтканда Матраимовдордун акчасы деген сөз кетти. Урматтуу Каржы полициясынын башчысы, бул эмне болгон акча экенине кызыгып жатасыздарбы?” – деп суроо салды бүгүн, 31-майда “КТ-Мобайл” компаниясынын айланасындагы чууну иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда депутат Жанар Акаев.

“Биз информацияларды алдык, топтодук бул акчалар биздин ишкерлердин, “Дордойдо” , “Кара-Суу”, “Мадина” базарларында иштеген ишкерлердин импортко төлөгөн акчасы деген информация келип жатат бизге. Мен билген фактылар да бар, былтыр да текшерип көргөнбүз, чоң суммаларды, биздин информация боюнча ай сайын 3 миллион доллар акча импортко төлөгөнү сыртка чыгып турат. Бизге Финразведкадан дайыма маалымат келип турат. Бул “Дордойдо” иштеген ишкерлер импортко акча которуу жолун ушинтип табышкан да. Бизде дагы ушундай материалдар бар, мен былтыр текшергем, быйыл да текшердик, андай материалдар көп келет бизге Финразведкадан. Ошол жерде 15-20-30 ишкер биригип, импортко акча которушат. Мындай жол менен которулган 6 миллиард боюнча да текшергенбиз, ал акча “Кара-Суу”, “Мадина” жана “Дордойдогу” ишкерлердин товар импорттоого которгон акчасы болуп чыккан”, – деп жооп берди Каржы полициясынын жетекчиси Таир Бакиров.

“Бул маалыматты коомчулукка тез жеткиришиңер керек деп ойлойм. Анткени коомчулук бул акчалар боюнча адашып калбаш керек. Силерден мындай чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат”, – деп белгиледи Жанар Акаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: