“Элге билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева тууралу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. 2018-жылы чыккан 5-6-класстын окуучулары үчүн окуу китептериндеги каталар бул биринчи жолу эмес, ага чейин 2017-жылы да мектеп окуучулары үчүн физика китебинде миңдеген каталар кеткен”, – деп билдирди бүгүн, 31-майда Апрель баатыры Кайып Шер.
“Анда министр Гүлмира Кудайбердиева бир статс-катчысын күнөөлүү кылып, садага чаап, Атамбаев менен Илмияновду пайдаланып, чыныгы жүзүн жашырып калган. Ошондо коомчулук эми мындан кийин ушул кыздын ийриси түздөлүп кетер десе мунун ийриси түздөлбөй койду. Эми өзүнүн кызмат ордун сактап калыш үчүн дагы бир статс-катчысын садага чапканы жатат”, – деди Апрель Баатыры Кайып Шер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ