Menu

Бир көзү көрбөй калган чегарачы жөлөк пул ала албай жүрөт

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 19-декабрда “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси айтылуу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, жапа чеккен тарап жарандык доо коюп, 1 млн сом эсебинде зыянды толтурууну талап кылганга үлгүрбөй калган.

“Тергөө бүткөнүн биз билбей калдык. Же болбосо, иш сотко өткөнчө, доо-арыз жазганга үлгүрөт элек. Эми сот өкүм чыгаргандан кийин гана жарандык көзөмөл иретинде дооматыбызды кое алабыз. Бирок соттун кабыл ала турганы: Молдолиев сабалгандан кийин көзү көрбөй калган. Аскерге ал ден-соолугу мыкты келген, көзү сопсонун көрчү экен. Эми болсо ага же пенсия чегере албай олтурабыз, же ден-соолугу боюнча камсыздандыруу жок”, – дейт Азиза айым.

Аскер прокуратурасында болсо, жапа чеккен тарап өз учурунда баш оорусу, көзү көрбөй калганы боюнча врачтарга кайрылбай калыптыр.

Бул окуя Кыргызстандагы аскер бөлүктөрдүн биринде болгон. Кызматтык териштүү натыйжасында взвод командирлери кызматынан алынган. А жигит көзсүз калганы менен эч кимдин иши жок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: