Menu

Анжиян башчысы тигүүчү “үй алды” деп алданганын мойнуна алды

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов 35 жаштагы тигүүчү Хуршида Тилляева президент Шавкат Мирзиёев келгенде “батир менен сыйланды” деп алданганын мойнуна алды.

Аймак жетекчиси жергиликтүү чиновниктер кемчилик кетиргенин билдирди.

“Кадр бөлүмүнүн башчысы ал аялдарды жаңы үйгө киргизип, турак-жайга ээ болушканын айткан. Жөн гана сөз болгон. Маек берген аял ушундай жаңы үйдө жашагысы келип кеткен”

Буга чейин Анжиян шаарынын бийлиги президент Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында сегиз үй-бүлөнү жаңы курулган үйгө киргизип, мамлекет башчы кеткенден кийин алардын жетөөсүн кайра чыгарып салган. Алардын арасында Хуршида Тилляева да болгон.

”Мен тигүү цехинде иштейм, үй алууга ошол жерден арыз бергем. Президенттин сапарына бир күн калганда Аялдар комитетинен келишип, мага үй берилгенин айтышты. «Өзбекстан 24» телеканалынын кабарчыларына «Атам өлүп калган, эми анын ордуна президент ата катары үй берип жатат» деп айткам. Андан кийин тааныштардын баары мени куттуктап башташкан. Бирок президент кеткенден кийин ал үйдүн ээси бар деп, мага кийин башка үй бериле турганын айтышты”, — деген Хуршида.

Шавкат Мирзиёев Анжиян шаарына 17-майда барган. Анда Рамазан айында жаңы үйгө ээ болгон бакылуу үй-бүлө катары Хуршида Тилляева тааныштырылып, ал республикалык телеканалдардан көрсөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: