Menu

Алмазбек Атамбаев керт башын гана ойлогон адамбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанды 6 жыл башкарган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баскан изине саресеп салсак, жарыктык киши жеке кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө албай жүрүп убакытты өткөрүп жиберген сыяктуу. Ойлонуп олтуруп, «Ушул киши бизди 6 жыл башкардыбы?» деп капа болосуң. Керт башын ойлогон Алмазбек Атамбаев ар дайым өз кызыкчылыгын өзгөлөрдүн, тактап айтканда жанында жүргөн командасынын кызыкчылыгынан өйдө койгондугун мезгил күн сайын тастыктап берүүдө.

Бир мисал айталы, өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттер тууралуу жаңы жарлыкка кол койду. Жарлык чыгаары менен Алмазбек Атамбаев СДПК партиясынын лидерлигинен кетти. СДПКнын катчылыгынын маалыматына үңүлсөк, “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кире тургандыктан Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагалыгынан кетти. СДПКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова бекиди», -деп жазылган. Бүгүн саясатта коррупционерлерге каршы катаал күрөш жүрүп, башкача айтканда Алмазбек Атамбаевдин командасында жүргөндөр коррупция беренеси менен улам бири камалып жатканда, жаңы мыйзамды бетине кармап лидерликтен кеткени эмнени каңкуулайт? Экстин бул кадамынан өз башын ойлогон адам экендигинен кабар берип турганын аңдабай түшүнсөк болот. Эгерде ал командасын, алардынбир учурда «Атамбаев» деген фамилия үчүн башын сайып, анын бир сөзүн эки кылбай аткарган адамдарды коргогондун ордуна өз башын сактап четке чыга бергени жигитчилик сапатка деле жатпайт го.

Бир учурда ойлонбостон жасаган кадамдары, тереңден аңдабай чыгарган чечимдери үчүн бүгүн тегерегинде жүргөн командасын жапа чектирүүдө. Мындай кишилер өз кызыкчылыгы үчүн эртең элди дагы кагыштырып жибергенден кайра тартпайт да.

Анан дагы орозо бүтсө ТЭЦ боюнча камалгандары колдоо митингин өткөрөбүз деп Атамбаевдин «фонундагы» «Форум» тарап чамынып туру. «Ыштанын булгаган колун аябайт» дегендей Атамбаевден азыр баарын күтсөк болот.

Ич күптүсү менен март айындагы Аксылыктарды эскерген күндө эски адаты менен оозуна ээ боло албай опурулуп, «балп» этип, саясатка түркүн-түстүү боек берүүгө далалат кылганын унута элекпиз. Көнгөн адат калбайт окшобойбу, анан калса «Бүкүрдү көр түздөйт» деген элдик накыл кепти ушул жерден айтсак жарашчудай болуп туру.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: