Menu

Сууга салса чөкпөс, отко салса күйбөс Арабаев камалды

Бөлүшүү:

“Бирөөгө ор казса тайыз каз, өзүң түшүп каласың ”-деген кыргызда накыл кеп бар. Ошол сыңары бир кезде “серый кардиналга” айланган, соттордун кууратар “куратору” Атамбаевдин маалында президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев УКМК тарабынан камакка алынды. Атайын кызмат аны «Коррупция» беренеси боюнча айыптап жатат. Эске сала кетсек, серый кардинал Арабаев жетекчиликке болгон ишенимди актабай, ишенимден чыгып, кууратарлык кызматтан алынган эле. Буга кошумча артынан жакшы сөз ээрчибей, соттордун чечимдерине кийлигишип, “отдел кадр” кызматын аркалап калган дешет. Дагы бир мандемдүүсү Арабаев «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганы белгилүү болду.

Анын Алмазбек Атамбаевдин убагында чуулгандуу саясий камоолордо сотторго кысым көрсөтүп, саясий өңүттө Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Карганбек Самаков сыяктуу саясатчылардын ишине кийлигишкени айтылып жүргөн. Бул айтылгандардын чын бышыгын Жогорку Кеештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү ММКларга тастыктады:

“Манасбек Арабаевдин ким экенин, анын кандай таасири болгонун 300гө жакын судьянын, 2 миңге жакын адвокаттын баары билет. Укук коргоо органдарына, сотко иши түшкөндөрдүн баары эле анын таасирин жакшы билишкен. Бардык маселени ошол киши көмүскө чеччү. Сот системасынын «аталыгы» («серый кардинал») болуп алган. Ал сот реформасын жүргүзүү, мыйзамдарды кароо менен гана алектениши керек эле. Арабаев болсо чектен чыгып, сотторду башкарып алган. Бул окуя сабак болушу керек. Мен Арабаевди көптөн бери тааныйм, жаш, билимдүү жигит. Мен ага, жеке өзүнө деле «туура эмес кылып жатасың, эртеби-кечпи жооп бересиң» деп айтчумун. Бирок, системанын курмандыгы болду дейбизби, же башка деп айтабызбы, айтор ал мындай буйруктарды аткарбай, «тойдум байдын кызына» деп арызын жазып иштен кетип калганда мындай жагдай болбойт эле» – дейт Шыкмаматов.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: