Menu

Айгүл Жапарова, камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун жубайы: “Садыр көтөргөн маселелер элге жакканы менен кимдир бирөөлөргө жакпай, аны ушундай абалга кептешти”

Бөлүшүү:

Коомчулукта акылдуу, күчтүү аял экен деген жакшы баага татып, күйөөсүн, баласын коргоп, алдыга чыккан Садыр Жапаровдун өмүрлүк жары Айгүл эже тууралуу жакшы сөз айтыла баштады. Биз элдин баары алкап, мактап жаткан Айгүл эже менен байланышып, камактагы жолдошуна, уулуна жолукканы боюнча кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Айгүл эже, Садыр Нуркожоевичке киргенде нелерди сүйлөштүңүз?

– Садыр камакка алынганы биринчи жолу жолуктук. Кинодогудай ортобузду айнек бөлүп турду. Биз бири-бирибизди карап, телефон менен сүйлөштүк. Бирок, телефондо тыңшагыч аппарат коюлгандыктан, көп нерсени ачык сүйлөшө алган жокпуз. Эң негизгиси, ал жолугушуудан мен да, Садыр да бири-бирибизди көрүп, кубат алдык. Айтайын дегеним, Садырдын көзүнөн мурда- гыдай курчтукту көрүп, “Садыр сынбаптыр” деп сүйүндүм. Өзүн кармап, кайратынан жазбаганына кубандым. Биз сөз менен эмес, көбүрөөк көз менен сүйлөштүк.

– Жолдошуңуздун көз карашынан нелер­ди түшүндүңүз?

– Садырдын көзүнөн сүйүктүү уулу Рустамдын, агасынын жана тарапташтары кошо камалып калды деп кейип турганын окудум. Мен: “сен адам өлтүргөн жоксуң. Сен жаман иш жасап, камалып калган жоксуң. Сен элдин тагдырына кайдыгер карай албай көтөргөн маселеңдин айынан камалдың. Эң негизгиси сени эл колдоп турат. Ар нерсени ойлонуп кыжаалат болбой, өзүңдү, ден-соолугуңду кара. Бизге сенин аманчылыгың керек. Алтын башың аман болсо, бул күндөр да өтөт”- дедим. Кыскасы, Садырга жылуу сөз айтып, ага кубат берип чыктым.

– 47-колонияга түштү дегенди укканда оюңузга нелер келди?

– Садырдын амандыгын тиледим. Балдарымды ойлодум. Жаратканга жалындым. Биз саат эртең мененки 7де барганыбыз менен 11ге чейин мени эмес, адвокаттарды дагы киргизген жок. Акыйкатчынын өкүлүнүн өңүн көргөндө, акыбалы оор экенин билдим. “Супер Инфонун” сайтына чыккан сүрөтүн көргөндө жүрөгүм оозума кептелип, Садыр оор абалда экенин билдим. Оюма ар нерселер келди. Анан “эл көтөрүлүп кетпесин” дедиби, “өзүмө өзүм кол салдым “деген видеотасмасын жана анын айтып берүүсү боюнча жазылган тил катын интернетке жарыялашты. Кыска­сы, акыркы эки айда көп кыйынчылык көрдүм. Күтүлбөгөн, эч кимге каалабай турган окуяларга туш болдум. Жараткан пендем десе, эч бирин андай күнгө кептебесин. Мен тарткан азапты эч ким тартпасын. “Садырдын алтын башы аман болсун”- деп анын амандыгын тилеп калдым.

– Уулуңуз Рустам менен да жолугупсуз. Анын абалы жакшы эле бекен?

– Уулум Рустам экөөбүздүн жолугушуубуз “Апа, кыйналдыңызбы?” деген суроодон башталды. “Мен кыйналган жокмун, балам. Сен башка иш менен бул жерге түшүп калганыңда жаман болмокмун. Мен кыйналгыдай сен жаман ишке барып, анан камакка алынган жоксуң. Сен атаңды тосуп барып камалдың. Сен атаңдын баласысың. Бул кыйынчылыктарга да чыда. Кайгырба, чөкпө, уулум. Алтын башың аман болсо чыгасың”,- дедим.

– Ден-соолугу кандай экен?

– Рустам мени менен жолукканда “жакшы эле” дегени менен башкалардан эки жумада эки жолу грипп болгонун уктум. Ошондой эле уулумдан эмес, бирөөлөрдөн СИЗОнун ичинде бир гана “аналгин” бериле турганын уктум. Чынбы-калппы, билбейм, сегиз бала жаткан жерде 4 гана керебет бар имиш. Бирок, аны тактай алган жокмун.

– Айылга барып, кандай иш менен алек болдуңар?

– Айылга барып, Садырды коргоо комитетин түздүк. Биз барганча “Садырды колдоп, кандайдыр бир акцияларга катышсаңар камалып кетесиңер”- деген коркутуу иштери катуу жүргөн экен. Биз барып, Садырды коргоо комитетин түзүп, “Садыр жаман иш кылган жок. Ал саясаттын гана курмандыгы болду”- деп элдин духун көтөрүп келдик. Элден айланса болот. Садырды эли, анын тарапташтары, жакшы санаалаштары колдоп, анын амандыгын тилеп отурушат. Жараткандын мунусуна да шүгүр кылам. Садырдын таянар тоосу, калдайган эли бар.

– Кайнатаңызга “көп нерсени айтпай жашырып жатабыз” дедиңер эле го? Ал Садыр байкенин абалынан кабардар экен го?

– Ооба. Биз жашырганыбыз менен “Сентябрь” телеканалынан болгон чындыктын баарын угуп алыптыр. Ал тургай кайнатамдын ичинде бугу көп, журналисттерге даярдап жүргөн сөзү бар экен. Сыртына чыгарбай өзүн бекем кармап жүргөнү менен ичи эзилип эле жатыптыр. Журналисттер Садыр тууралуу суроо бергенде жашып кетип да жатты. Чынын айтканда 85ке чыгып калган кайнатам менен кайненеме кыйын болду. Кайнатам ичинен сызып, бирин укса бирин укпай, балдарынын, небересинин амандыгын тилеп, бийликтен ырайым күтүп отурат. Бирок, кайненем Садырдын жана кайнагамдын, Рустамдын камалганын укканда эле ооруп калыптыр. Биз барганда дагы ооруканада экен. Көтөрө албай калбасын деп апама көп нерсени айтпай, “баары жакшы” деп жашырып отурабыз.

– Кыйын күнү сизге кол сунуп, жардам бергендер болуп жатабы?

– Албетте, болуп жатат. Жардам эле эмес, жылуу сөзүн айтып, аз болсо да түйшүгүмдү кошо көтөрүшүп жаткандарга чын-дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле Москвадагы мигранттарга өзгөчө ыраазычылык айтам. Алар карапайым адамдар экенине карабай камактагы 12 баланын тамак-ашын көтөрүп жатышат. Жумасына эки жолу тамак киргизсек, анын бир жолкусун мигранттар өздөрү киргизет. Алар 200 рублдан баштап 100 рублга чейин салышат. Интернетте өздөрүнчө группа ачып алышып, бизге колдоо көрсөтүп, Садырды чын жүрөктөн сыйлаарын, урматтаарын билдирип жатышат.

Дагы бир нерсени баса белгилеп коёюнчу. Биз кандай акция уюштурсак да, элге акча тараткан жокпуз. Башкача айтканда, Садыр элдик уул экенин билип, элдин баары өздөрү чыгып, колдоо көрсөтүп жатышат.

– Садыр байкени соттун алдынан көргөндө кандай абалда калдыңыз?

– Аман-эсен экенин көргөндө Кудайга ыраазычылыгымды айтып, сүйүндүм. Саясый куугунтукка алынып, ак жеринен камалып, кыйын күндү баштан кечирип жатканын эстегенде ичим ачышып, Садырды аяп кеттим. Ал бизге кол булгалады. Биз да кол булгалап, аны көргөнүбүзгө жетине албай алдыбыз көзүбүзгө жаш алдык.

– Айгүл эже, Садыр байке жана уулуңуз камакка алынгандан бери өзгөргөнүңүз өзүңүзгө байкалдыбы?

– Өзгөрбөскө айла жок экен. Мурун мен Садырдын көлөкөсүндө жүргөн, анын жакшы иштерин колдоого алып, балдарды багып, публикага чыкканды анча жактыра бербеген жан болчумун. Ал тургай Садырдын жанында сүрөткө түшкөндөн да тартынчумун. Себеби, “сүрөтүм жарыяланып кетет” деп кооптончумун. Бармактайыбызда баш кошкон өмүрлүк жарым, чырактай уулум камалганда эл алдына чыгууга аргасыз болдум. Ал тургай чыйралдым. Кыйынчылык чыйралтат экен. Ыйлап отура берсем, маселе чечилбесине көзүм жетип, мурдагыдан да чечкиндүү боло түштүм. Айрыкча Садыр 47-колонияга түшкөндө белимди бекем бууп, кадимкидей чыйралып, аларды коргоого бел байладым…

Анткени, Садыр жаман иш жасап, камалган жок. Ал мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору койду. Ошон үчүн камакка алынып, ак жеринен караланып, азаптуу күндөрдү башынан кечирди. Кыскасы, ал “Кумтөр”, “Мегаком” боюнча көтөргөн маселесинин курмандыгы болду. Ал көтөргөн маселелер элге жакканы менен кимдир бирөөлөргө жаккан жок. Ошон үчүн аны ушундай абалга кептешти.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: