Menu

Казакстан: БШК сурамжылоо жүргүзүү укугун мамлекеттик борборго гана берди

Бөлүшүү:

Казакстанда “Жаштар” илимий-изилдөө борбору сурамжылоо жүргүзүп, бул өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоочулар арасында популярлуулукка ээ экенин жарыялады.

Көптөгөн укук коргоочулар жана активисттер бул жыйынтыктардын чындыкка дал келеринен күмөн санашууда. Борбордук шайлоо комиссиясы жалгыз ушул уюмга гана шайлоо алдында сурамжылоо жүргүзүүгө, экзит-полл өткөрүүгө укук берген.

“Жаштар” илимий изилдөө борбору алты жыл мурун алгачкы президент Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы менен түзүлгөн. Анын негизги функциясы – жаштарга багытталган социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүү. Борбордун жетекчиси Талгат Калиев президенттик шайлоо алында сурамжылоо жүргүзгөнгө мамлекет эмес, кайсы бир коомдук уюм акча бөлгөнүн билдирди.

Борбордун божомолу боюнча президент Токаев саясий жарышта алдыда келе жатат. Анын артында Амиржан Косанов, андан соң калган беш талапкер жайгашкан. Сурамжылоого Казакстандын бардык аймактарынан 7000дей киши катышкан.

Бул арада Казакстанда өз алдынча иликтөө жүргүзгөндөр айыппулга жыгылды. Алардын арасында эл аралык Transparency Kazakhstan коомунун башчысы Марат Шибутов да бар. Онлайн-сурамжылоо жүргүзгөнү үчүн сот ага 100 доллар айыппул салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: