Menu

Атамбаев 700 миллионду өлкөдөн кантип чыгарып кеткен?

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов Райымбек Матраимовдун сыртка чыгарып кеткен миллиондору тууралуу кызык фактылар камтылган журналисттик иликтөөсун жарыя кылды. Бул тууралуу Трибуна жазып чыкты.

Эгерде ошондогу айтылган фактыларга таяна турган болсок, анда которулган акчаларды чет мамлекеттерден экс-президент А. Атамбаевдин «Форум» фирмасындагы жаңы өнөктөштөрү алып турган болуп чыгууда. Биз сөзүбүз кургак болбосун үчүн «Азаттыктын» иликтөөсүнде айтылган фактылар менен өткөн жылы коомдук ишмер Эдил Байсаловдун экс-президент А. Атамбаевдин байлыктары жана бизнес-өнөктөштөрү тууралуу иликтөөдө тапкан фактылары тууралуу айткандарынан кеңири мисал келтиребиз.

Биринчи кезекте, «Азаттыктын» иликтөөсүнөн үзүндү окуңуз:

«Туркия, Бириккен Араб Эмирликтери (Дубай), Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Россия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг, Африкадагы Гана өлкөсү. Бул «Айеркен Саймати» Кыргызстандан акча которгон мамлекеттер. Кээ күндөрү бир нече жүз миң которсо, кээ күндөрү бир нече миллион которулган. Коррупционерлерди, ууруларды кууган күн деп Кыргызстан 24-март менен 7-апрелди майрамдап жатканда дагы мына ушул акчалар которулуп турган. Биз акчаны алган чет өлкөдөгү даректерди карасак, ал компаниялардын көбүнүн аты «АКА» деп аталат экен. Ачык интернет булактарынан карасак, булардын негиздөөчүлөрү, же директорлору катары – Хабибулла Абдыкадыр, Айбибула Нуермаймайти, Айбибула Йамаймайти, Айбибула Паливанмухаймайти деген ысымдар көрсөтүлгөн.

Фамилияларына карап, алар жакын туугандар окшойт деп болжодук. Ошондой эле Кудрат Нурмамат деген дагы бар. Бул ысымдар бизге абдан тааныш. Анын ичинде эки компания өзгөчө тааныш жана кызык сезилди. Бул «АКА РЕТROLEUM» жана «АКА ІMMOBILIEN». Эми мына ушулардын Кыргызстандагы изи жана Матраимовдорго тиешеси тууралуу – айтып берсек. «АКА РЕТROLEUM» Германиянын Мюнхен шаарында Крондштаттер деген чакан көчөдө Хабибула Абдукадыр менен Кудрат Нурмаматка катталган. Ал эми АКА РЕТROLEUM жана Касым Курбанов аттуу киши Кыргызстанда «АКА Минералз энд Майнинг» аттуу компания түзүшүп, өткөн жылы «Акылдуу шаар» долбоорун «Хуавей» компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырмакчы болгон. Бирок, кийин өкмөт келишимди жокко чыгарган.

Ушул эле АКА РЕТROLEUMга таандык «АКА Минералз Энд Майнинг» компаниясы «Мегакомду» дагы толук сатып алуу ниетин билдирген. Мына ушул эки окуяда тең бул аты-жыты белгисиз күмөндүү компания кандайча Кыргызстандагы бирден-бир маанилүү долбоорду жана мүлктү сатып алганы жатат деп маалымат каражаттары ошондо катуу дүрбөгөн эле. Айтмакчы, бул компания кийин «АКА Инвест» болуп атын өзгөрткөн. Көрсө, АКА РЕТROLEUM Кыргызстандагы ырыстуу объектилерге тээ мурдатан эле кызыгып келиптир. Көңүл буруңуз, 2014-жылы Чаткалдагы Кассан сурьма кенин «Терексай жаштары» деген ЖЧК 4,5 млн долларга сатып алган. Аты кыпкыргызча болгону менен бул компаниянын артында турган компаниялардын үчөөсүнүн бири АКА РЕТROLEUM. Жогоруда көңүлүбүздү бурган компаниялардын дагы бири – «АКА ІMMOBILIEN». Бул дагы Мюнхендеги Крондшаттер көчөсүндө катталган.

Анын башында тургандардын бири – Кудрат Нурмамат. «АКА ІMMOBILIEN» Бишкектеги «Автостолица» ЖЧКсына ээлик кылып келген. Бирок, 2017-жылдын 15-декабрында кайра каттоодон өтөт. Эми болсо, «Автостолицага Канатбек Маматов менен Жумаева Минавар ээлик кылып калды. «Автостолица» Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү 152-даректе катталган. Ал даректе эски үй, тагыраагы үйдүн жарымы жайгашкан. Бирок, кеп мында эмес, жанындагы көп кабаттуу «Элъдорадо» соода комплексинде. Комплекс 2016-жылдын 4-июлунда ачылган. Буга «АКА ІMMOBILIEN» ээлик кылып турганда ачылган демек».

Эми Эдил Байсаловдун бир жыл мурдагы иликтөөсүнөн үзүндүнү окуп, анан өз алдыңызча анализ жүргүзсөңүз, Кыргызстандан чыгарылып кетти делген миллиондордун баары экс-ажо АШАнын жаңы өнөктөшүнүн артында турган адамдардын дарегине барган болуп чыгат:

«Биз Алмазбек Атамбаевге 1990-жылдардан бери карай башында турган «Форум» фирмасындагы жаңы бизнес-өнөктөшү тууралуу суроо беришибиз керек. 2017-жылдагы президенттик шайлоо бүтөөр замат ал фирманын уставдык документтерине өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы негиздөөчүнүн аты кошулган. КРнын экс-президенти, өзү айтмакчы «долларовый мультимиллионер» Алмазбек Атамбаевдин жаңы өнөктөшү ким болду дебейсиңерби? Жок, ал киши ири атамекендик же чет өлкөлүк ишкер, мультимиллиардер же инвестор эмес. Ал Субихи Пархати аттуу жаш жигит. Туулган жылы – 1991. Бул 26 жашар жигит менен Алмазбек Шаршенович кайдан таанышып, аны менен эмне себептен чогуу бизнес түзгөнүн ким айта алат? Биз интернеттен Субихи Пархатинин атын киргизип издеп көрсөк, ал биздин эле Кара-Балталык теги уйгур кыргызстандык болуп чыкты. Ал кайсы бир убакта Россияда окуп, дагы бир убакта Казакстандын Астраханька айылында тургандыгы боюнча маалымат тапсаңыздар болот. Бул жигит жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкса, колунда кандайдыр бир эбегейсиз байлыгы болбосо, дагы бир жолу Алмазбек Шаршенович эмне себептен бул жаш баланы өнөктөш кылып алдыңыз? Эмесе, эсиңиздерде болсо, январь айында (2018-жылы) Сапар Исаковдун өкмөтү Хуавей компаниясы менен «Акылдуу шаар» долбооруна кол коюп, бизге ал 60 млн долларлык долбоорго ага чейин эч кимге белгисиз «АКА Минералз» деген фирма катышаары айтылган. Коомчулук ошондо бир жарылганбыз. Бардык кыргыз прессасы «Бул кайдан келген фирма?» деп баш катырган. Биздин кыргыз патриотторубуз интернет булактарынан маалымат казып, булардын артында Эмират менен Германиядагы уйгур тектүү ысымдар катталганын айта алышкан. Эң кызыгы, булардын түбү барып, бизге мурдатан тааныш Субихи Пархатидей эле, ошону менен тең, 1991-жылкы Айбибула Нуермаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайти деген жаш жигиттердин аттары чыккан. Бирок, кызыгы бул жерде эмес, Субихи Пархати дагы бир компанияга негиздөөчү болуп катталган. Ал ээлик кылган «Хуасинь» деген фирмага «Терексай» сурьма кенди иштетүү лицензиясын аукциондон утуп алган. Ошол эле аукционго «АКА Минералз» компаниясы дагы катышып, бирок утулумуш болуп калганына карабастан «Хуасинь» фирмасы төлөөчү тийиштүү төлөмдөрдү «АКА Минералзтын» жооптуу кызматкерлери төлөп турганы факт. Мисалы, Токтосун Түмөнбаев аттуу кызматкер 2016-жылы 29-июнда «Хуасинь» компаниясынын атынан 900 миң сом бонус төлөмүн мамлекетке которуп, же болбосо ушундай эле башка төлөмдөрдү да жүргүзүп тургандары боюнча биздин колубузда маалымат бар. Ошол эле учурда «АКА Минералз» компаниясы «Терексай Жаштары» аттуу фирманы негиздеп, ошонун атынан 500 млн долларлык сурьма кенине ээлик кылат. Ошентип Алмаз Атамбаевдин өнөктөшү Субихи Пархати ээлик кылган Блок-17 менен кошо Кассан кен байлыгы чогуу «АКА Минералз» компаниясы иштетип атабы деген суроо бар. Бул «АКА Минералз» компаниясы январь айында «АКА Инвест» болуп атын өзгөртүп, «Коопсуз шаар» долбооруна катышуусу Бишкек ТЭЦиндеги гана авариядан чыккан чырдан улам бул долбоор жокко чыгарылганын эске салабыз» – деген Э. Байсалов.

Демек, мына ушул иликтөөлөрдөн улам А. Атамбаев менен Р. Матраимовдун түбү биригип жатат. Же ошол сыртка чыгарылып кеткен миллиондор боюнча экөөнүн ортосунда чыр чыкканбы? Биз жогорудагы эки иликтөөнү анализдеп олтуруп Атамбаев өнөктөштөрүнүн дарегине 700 миллион доллар которулганын түшүндүк. Анан дагы АШАнын өнөктөштөрү аферист «Хуавей» компаниясы менен чогуу «Коопсуз шаар» долбоорун өз колдоруна алгысы келген экен. Ошентип «Азаттык» Атамбаевдин мамлекетти тоногону боюнча жаңы фактылардын бетин ачып койгонсуду. Эми мындан аркысы кандай болорун күтө туралы.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: